Укук коргоо жана салык органдарынын бизнеске жүргүзгөн текшерүүлөрүн каттоонун убактылуу эрежелери жөнүндө

Новости
28-Апрель 2016-ж.
2009

2016-жылдын 28-апрелинде экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин төрагалыгы астында укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишкер субъекттерди текшерүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча Ведомство аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.

Ведомство аралык жумушчу топтун негизги максаты болуп, укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишкер субъекттерине текшерүү жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу , ошондой эле укук коргоо жана салык органдарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен ишкер субъекттерге негизсиз кийлигишүүнү жоюу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ишкер субъекттерге жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына карата укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелери” долбоору талкууланды.

Министрдин орун басары Иманалиев белгилегендей, текшерүүлөрдү тартипке келтирүүчү мыйзам базаларын кабыл алганга чейин убактылуу эрежелерди кабыл алуу зарыл.

Бардык текшерүүлөр «Проверка.kg». сайтынын алкагында жүргүзүлөт. Ошону менен бирге бул тутумдун базасында укук коргоо жана салык органдары менен иштөө жөнгө салынат.

Өз кезегинде Башкы прокуратуранын өкүлү колдонуудагы мыйзамдар менен карама-каршылыктар болуусу мүмкүн экендигин билдире кетти.

Бирок, бул документ мамлекеттик ички маселелерди гана чечип чарба субъекттерине таасири тийбейт. Бул укук коргоо жана салык органдарынын ишкер субъекттерин текшерүү үчүн дисциплинардык механизмдер. Бул жерде карама-каршылык жок-деп кошумчалады.

Ошондой эле, кошумча чаралар жөнүндө Президенттин жарлыгынан кийин негизсиз текшерүүлөр жөнүндө даттануулар келип түшө баштады. Жумушчу топтун мүчөлөрүнө кайрылып жатып, тобокелдиктерди азайтуу жана документти макулдашуу максатында ар бир пунктун талдоо керектигине токтолду.

Убактылуу эрежелердин токтом долбооруна ылайык, текшерүү 15-күн аралыгында, 10-күндүк узартуу мөөнөтү менен жүргүзүлүүгө тийиш.

Салык кодексинде субъекттерди текшерүүгө 50-күнгө чейин убакыт берилет. «Кыргызпочтасы» жана «Кыргызтелеком» сыяктуу көп филиалдуу мекемелер бар. Ушуга байланыштуу, комиссиянын мүчөлөрү мөөнөт боюнча кайра иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу