Экономика министрлиги ЖОЖ дун студенттерине эшик ачты

Новости
28-Апрель 2016-ж.
2015

2016-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги республиканын жогорку окуу жайларынын студенттерине жана кызматкерлерине ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Бул жылы иш-чарага КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети , Кыргыз-Россия славян университети, Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, Кыргыз экономикалык университетинин студенттери катышты,.

Иш-чаранын ачылышында министрдин орун басары Алмаз Сазбаков куттуктоо сөзү менен чыгып, студенттер менен окутуучуларга министрликке болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге азыркы заманда өзүн –өзүн өстүрүүнүн маанилүүлүгү жана актуалдуулугун белгилей кетти.

Билим алуудагы өзүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп жатып, министрдин орун басары, жаштарга билимин кошумча билим алуу менен, чет тилдерди үйрөнүү жана жаңы технологияны өздөштүрүү менен жогорулатууга жана өркүндөтүүгө чакырды. Ушуга байланыштуу студенттерди министрликте стажировкадан өтүүгө чакырды.

Ошондой эле, министрлик экономикалык жана социалдык маселелерди координациялоочу алдыңкы орган болуп эсептеле тургандыгын баса белгиледи. Студенттерге министрликтин иши, тарыхы, жана функциясы, жүргүзүлгөн реформалар боюнча маалымат берилди.

Өз кезегинде ЖОЖ дун өкүлдөрү тарабынан жумушка орношуу, практика өтүү жана стажировка өтүү, ошондой эле инвестицияларды тартуу, техникалык жөнгө салуу, кен тармагындагы маселелерге кызыккандыктарын билдиришти.

Мындай иш-чараларды өткөрүү министрлик үчүн ар жылы өткөрүлүүчү салтка айланып калган. Экономика министрлиги көпчүлүк ЖОЖ менен анын ичинде чакырылган окуу жайлары менен кызматташууга эки тараптуу макулдашуу түзгөн. Кызматташуу окутуу жана стажировка, бүтүрүүчүлөр менен студенттерди практикага жана стажировкага кабыл алуу, тегерек столдорду, конференцияларды, уюштуруу.

Көпчүлүк ЖОЖ дорго министрликтин атынан министрлик жөнүндө маалыматтары камтылган брошюралар берилди. Мындай иш-чара мындан ары улантыла бермекчи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу