Метрологиялык көзөмөлдүн жыйынтыктары боюнча текшерүүдөн өтпөгөн өлчөө каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу боюнча жазма буйрук берилди

Новости
26-Апрель 2016-ж.
1869

Жеке жактын даттануусунун негизинде жеке ишкер В.А. Григорьеванын ишине өлчөө бирдигин камсыз кылууну сактоо, метрологиялык ченемдерди жана эрежелерди, өлчөө каражатын колдонуу жана азыркы абалына пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.

Сервелат” колбасасынконтролдук сатып алууда товардын массасы 260-граммды түзсө, товардын чыныгы салмагы 250-түзүп, салмактагы айырма-10-граммды түздү.

Салями” колбасасын сатып алууда товардын салмагы 270-граммды түзсө, чыныгы салмагы 255-граммды түзүп, 15-граммга аз салмакты түзгөн.

Ала-Арча” колбасасын сатып алууда товардын массасы540-граммды түзсө, чыныгы салмагы 525-граммды түзүп, 15 граммга аз чыккан.

Жогоруда көрсөтүлгөн продукцияларды контролдук өлчөөдөн кийин Өлчөө каражатына метрологиялык көзөмөл жүргүзүлгөн. Колдонулуп жаткан өлчөө каражаттарынын 100% метрология боюнча ыйгарым укуктуу органдан текшерүүдөн өтпөгөн өлчөө каражаттары.

Пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча сатылып жаткан продукциянын салмагы жетпей жатканы белгилүү болду, жана Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуу фактысы ачыкка чыкты.

Колбасаларды сатууда текшерүүдөн өтпөгөн Өлчөө каражаттары колдонулат, бул көрүнүш сатылып жаткан продукциянын салмагын аныктоодо , продукциянын баасына таасирин тийгизет. Натыйжада сатып алуучуларды алдоого алып келет.

Метрологиялык көзөмөлдүн натыйжасында текшерүүдөн өтпөгөн Өлчөө каражаттарын колдонууга тыюу салган жазма буйрук берилип, административдик укук бузуу жөнүндө протокол таризделди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу