Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү жөнүндө

Новости
26-Апрель 2016-ж.
1943

2016-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн деңгээлинин төмөндүгүн баса белгилеп , эки өлкөнүн экономикалык потенциалы менен мындан жогору көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүн экенин жана соода кызматташтыгын арттыруу зарыл экендигине токтолушту.

2015-жылы Кыргыз Республикасы менен Венгриянын тышкы соода жүгүртүүсү 8,8млн.АКШ долларын түздү, анын ичинде экспорт-0,1 млн. АКШ доллары, импорт-8,7 млн. АКШ долларын түздү.

П.Сийярто венгер тарабы Кыргыз Республикасы менен фармацевтика, медициналык каражаттарды жана буюмдарды жеткирүү, тоо-кен өнөр жайында курчап турган чөйрөнү жана суу чарбасын сактоо жаатында, экологиялык аспекттерди эске алуу менен энергетиканы өнүктүрүү жаатында кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдирди. Ошондой эле Венгер экспорт-импорттук банкы эки тараптуу долбоорлорду насыя менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берилди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу тармагындагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү ниети бекемделди. Тактап айтканда, бул экономикалык кызматташуу, инвестицияга дем берүү жана коргоо, ошондой эле кош салык салуудан баш тартуу жөнүндө макулдашуунун долбоору.

Тараптар ошондой эле, айыл чарбасында, текстиль өнөр-жайында, техникалык регламенттер, лабораторияларды сертификаттоо, ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу жана Кыргызстанга венгер тажрыйбасы менен бөлүшүүнүн багыттары жөнүндө талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу