Кыргыз Республикасында менеджмент тутумун ишке киргизүү боюнча бүгүнкү кырдаал жөнүндө

Новости
26-Апрель 2016-ж.
1924

2016-жылдын 25-апрелинде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору «СЕРТ Академия» эл аралык тренинг компаниясы жана«CERT International» сертификаттоо боюнча эл аралык орган менен биргеликте бизнес – ассоциациялардын, уюмдардын, өнөр-жай жана телөө чөйрөсүндөгү ишканалардын кеңири катышуусунда ISO 9001:2015 стандартынын жаңы версиясына өз алдынча өтүү” жана ISO 22000:2005 тамак –аш өнөр жайында натыйжалуу колдонуу” темасында эл аралык практикалык конференция өткөрдү.

Конференцияга 250-дөн ашык адам катышты. Катышуучуларга Стандартташтыруу жана метрология борбору Кыргыз Республикасындагы менеджмент тутумун ишке киргизүүнүн азыркы абалы презентацияланды, ISO 9001:2015 эл аралык жаңы стандарттарынын талаптары, ошондой эле ЕАЭБ дин шартында ИСО 22000 жана НАССР тамак аш продукциясынын коопсуздук менеджментинин тутумун ишканаларга киргизүү зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. ISO 9001сапат менеджментинин тутуму башка менеджмент тутумдары үчүн негиз болуп аларды ишке киргизүүгө жол ачат.

ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын жаңы талаптары каралды, анын ичинде стратегиялык менеджмент”, процесстердин критерийлери жана индикаторлору”, билим менеджменти”, тобокелдик-менеджменти”, менеджмент-коммуникация” стандарттары бар. Мындан тышкары Procter&Gamble, MARS сыяктуу дүйнөлүк белгилүү өндүрүүчүлөрдүн тажрыйбасында стратегиялык менеджмент” методикасынын түзүлүшү каралды.

Бардык катышуучуларга усулдук материалдар таркатылды:

- ISO/DTS 9002 « ISO 9001:2015 колдонуу боюнча нускама»;

-«MANAGEMENT», Профессионалдык журналы ISO 9001:2015;стандартын колдонуунун практикалык макалалары менен;

- Сертификат

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу