КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы жөнүндө

Новости
26-Апрель 2016-ж.
2642

Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын январь- март айларында негизинен тышкы факторлордун тийгизген таасиринин негизинде өнүктү. Бул максаттар жөнүндө Экономика министри Арзыбек Кожошевтин айтымында, дүйнөдө экономикалык оор абал уланып, көпчүлүк мамлекеттерде, алардын ичинде биздин негизги соода өнөктөш мамлекеттерде да өнүгүүнүн басаңдоосу жана терс тенденциясы сакталууда.

2016-жылдын биринчи кварталындагы экономиканын өнүгүүсүнө таасирин тийгизген бир топ факторлор болду. Жагымдуу шарттардын бири болуп, сырткы мигранттардан келип жаткан акча каражаттарынын 22,8 %га көбөйүүсүн эсептесек болот, 2016-жылдын январь-февраль айларында 125,1 млн АКШ доллары келип түштү, былтыр ушул мезгилде 101,9 млн доллар эле.

Бирок негизги соода өнөктөштөрүбүздө чийки нефтге болгон баанын төмөн абалда болгондугунан, экономикалык абалдары оор бойдон калууда (тактоо иретинде: 2016-жылдын январь-март айларында экономиканын өсүү темпи Россияда (-1,4%), Белоруссияда (-3,6 %) жана Казахстанда (-0,2 %) болду. Ал эми Кытайда 2009-жылдан бери биринчи жолу экономикасы 6,7 %га өстү).

Ошол эле мезгилде инфляция Казахстанда – 3,0 %, Россияда –2,1 %, Белоруссияда – 5,7 %, Арменияда – 0,4 %, Еврозонда – 1,2 %, Кытайда – 2,3% болду.

Капиталдын сыртка чыгып кетүүсүнүн уланышы да терс таасирин тийгизбей койбойт. Россияда үч айда 7,0 млрд доллар өлчөмүндө капитал чыгып кеткен, ал эми Кыргызстанда 2015-жылдын жыйынтыгы менен келген капиталдын дээрлик жарымынан көбү (50,6%) кайра чыгып кеткен.

Ошого карабастан Өкмөт өзүнүн ишин ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүүнү жакшыртуу менен дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүнү улантып келе жатат. (2016-жылдын 31–мартына карата фермерлерге жалпы суммасы 1,3 млрд сомдук 3602 кредит берилди).

Мындай шартта КР экономикасынын өсүүсү да бир топ төмөндөдү. Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу менен 2016-жылдын январь-март айларында ички дүң продукциянын жалпы көлөмү 78,8 млрд. сомду түзүп, 2015-ж. январь-мартына салыштырганда 4,9 пайызга төмөндөдү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүүсү 101,0 %ды түздү.

Экономикалык өсүүнү ИДПны түзгөн төмөнкү тармактар камсыз кылышты: айыл чарбасы 1,5%га өстү, кызмат көрсөтүү тармагы 2,5%га, курулуш сектору 0,1%га өсүп, ал эми өнөр жай тармагы тескерисинче 25,1%га төмөн болду.

Инфляциянын деңгээлин көрсөткөн керектөө бааларынын индекси 98,8 %ды түздү (2015 жылдын декабрына карата), өткөн жылдагы көрсөткүч 101,5 % болгон. Жылдык орточо инфляция (2016-жылдын январь-марты, 2015-жылдын январь-мартына) 101,2 % болду, ушул көрсөткүч былтыр 110,3% болгон.

Жогоруда айтылган сырткы жана ички факторлордун экономиканын өсүүнүнө тийгизген терс таасирин азайтуу максатында кризиске каршы чараларды өзүнө камтыган КР Өкмөтүнүн 2016-жылга Иш чаралар Планы кабыл алынган.

2016-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы менен кризиске каршы 87 иш чаралардын бар болгону 10 иш чара (11,4 %), аткарылды, калган 77 иш чаралар аткарылууда.

Эң негизги максат бул өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту сактап, социалдык экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттүү болжолун толук аткаруу боюнча иш алып баруу.

Экинчиден жаңы Өкмөт сунуштаган жана Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги токтому менен бекитилген Ишеним жана биримдик” программасы негизинен мурдагы Өкмөттүн иш чаралар Планына дээрлик 80% дал келет. Бирок азыркы мезгилдеги кээ бир өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кошумча 33 иш-чараларды кабыл алуу талап кылынат.

Бул мамлекеттик үй-бүлөлүк саясатты алып баруучу органды тактоо; ар бир райондун керектөөсүнө жана муктаждыгына жараша социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу; финансалык рынокту кеңейтүү; калктын каражатын экономиканын өнүгүүсүнө пайдалуу шарттарда колдонуу механизмин иштеп чыгуу; мамлекеттин экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү ж.б.

Анткени биздин ишкерлер өздөрүнүн товарларын экспортко чыгарууда жана инвестицияларды тартууда бир топ тоскоолдуктарга учурашууда.

Бул багытта чет өлкөдөгү элчиликтердин потенциалын пайдалануу азыркы мезгилдин талабы. Ал үчүн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө (Сауд Аравия, Катар, БАЭ), Турцияга жана Иранга халал системасындагы айыл чарба продукцияларына квоталарды алуу боюнча жана инвестициялык визаларды берүү жол-жоболоруна жана механизмине өзгөртүү киргизүү боюнча иш аракеттер жасасын деген сунуш киргизип жатабыз.

КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялар региондордун конкреттүү потенциалдуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана долбоорлорун аныктап, инвестициялык сунуштарды, бизнес-долбоорлорду жана техника-экономикалык негиздерди даярдоо боюнча ишти жүргүзүшсүн.

Ошондой эле жер-жерлерде ишкерлердин көйгөйлүү маселелерин чечүүгө багытталган диалогду бизнес менен облустук, райондук бийликтин ортосунда активдештирсин жана бизнестин көйгөйлөрүн талкуулоо боюнча туруктуу негизде иштөөчү аянтчаларды түзүшсүн.

Эң негизгиси республикалык жана региондордун деңгээлинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдонгон көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө иш-аракеттерин аткаруу зарыл.

Онлайн кайрылуу