2015-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөн

Новости
24-Апрель 2016-ж.
1915

2016-жылдын 25-апрелинде экономика министри Арзыбек Кожошев КР мамлекеттик органдардын жана аткаруу бийлигинин жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча натыйжалуулугун баалоо боюнча маалымат берген Өкмөттүн жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программаларын ишке ашыруу боюнча, улуттук, жалпы мамлекеттик, жана тармактык өнүгүү программаларын , ошондой эле Өкмөттөгү жыйынтыктоочу натыйжаларга жетишүүгө багыттоодо КР аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилигинин жоопкерчилигин арттыруу жана ишинин натыйжалуулугуна баа берүү тутумун ишке ашыруу максатында , 2012-жылдан тарта координациялоочу орган катары Экономика министрлигинде, Өкмөттүн 2012-жыл 17-февраль №105 токтомуна ылайык, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү жүргүзүлөт.

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча аткаруу бийлик органдарынын ишин баалоонун натыйжасында алдыңкы топко Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 0,58 баалоонун интегралдык көрсөткүчү боюнча , ошондой эле Тышкы иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, транспорт жана коммуникация , экономика министрликтери 0,56 баалоонун интегралдык көрсөткүчү менен кирди.

Өкмөткө караштуу ведомстволордун ичинен Социалдык Фонд, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Мамлекеттик байланыш агенттиги 0,58 баалоонун интегралдык көрсөткүчү, Жаштар иштери , дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктери жана Мамлекеттик каттоо кызматы 0,57 баалоонун интегралдык көрсөткүчү боюнча кирди.

БИК жогорку маанисине –министрликтердин арасынан ӨКМ -0,58, ведомстволордун арасынан-Байланыш мамлекеттик кызматы, Соцфонд жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу.

Аткаруу бийлик органдарынын ичинен 0,48 жана андан төмөн БИК мааниси менен аутсайдер органдар да белгиленди, аларга:

-Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

-Саламаттык сактоо.

Ведомстволордон

-Наркотикти көзөмөлдөө боюнча мамкызмат;

-Жаза аткаруу кызматы;

-Этностор аралык мамилелер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу -мамлекеттик агенттиги

2015-жылга алынган аткаруу бийлик органдарын баалоо жыйынтыгы КРӨ улуттук, жалпы мамлекеттик жана тармактык өнүктүрүү, Программаларын аткаруунун гана эсебинен алынбастан, калктын аларга көрсөткөн ишенимин билдирүүчү көрсөткүчтөрдү эсепке алуу менен –Калктын ишеним индекси КИИ жана КР түрдүү чөйрөдөгү эл аралык рейтингин эске алуу менен жетишилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу