2015-2016-жылдарга карай Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосундагы финансылык жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
22-Март 2016-ж.
1966

2016-жылдын 24-мартында Экономика министрлигинде 2015-2016-жылдарга карай Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосундагы финансылык жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан экономика министри Арзыбек Кожошев, ГФР Өкмөтүнүн атынан ГФР дин Атайын ыйгарым укуктуу элчиси Петер Рудольф Шольц кол койду.

Эки тарап тең кызматташуунун негизги багыты болуп эсептелген – социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүчү туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү реформаны Кыргыз Республикасынын өнүгүү программасы менен шайкеш ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бардык көрүлүп жаткан чаралардын жана долбоорлордун башкы максаты жакырчылык менен күрөшүү болуп эсептелет. Бул Макулдашуулар КР менен ГФР ортосундагы өнүгүү максатындагы эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын чагылдырат.

Кол коюлган Макулдашууларга ылайык, ГФР Өкмөтү КР Өкмөтүнө 2015-2016-жылдары 53,95 млн.евро өлчөмүндө эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташуу үчүн гранттык каражат берет. Бул сумманын 21,0 млн.евросу техникалык кызматташуу долбоорлоруна берилет:

1) "Экономиканы туруктуу өнүктүрүү" кызматташуунун негизги багыттарынын программасы, Ишке орноштуруу жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү” компоненти;

2) "Экономиканы туруктуу өнүктүрүү" кызматташуунун негизги багыттарынын программасы, Жаштар перспективасы” компоненти;

3) "Экономиканы туруктуу өнүктүрүү" кызматташуунун негизги багыттарынын программасы, ”Жарандык коомдор менен кызматташуу менен ишке ашырылуучу айыл аймактарындагы өнүктүрүү долбоорлору үчүн фонд” компоненти;

32,95 млн.евро финансылык кызматташуунун алкагында төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга берилет:

1) "Экономиканы туруктуу өнүктүрүү" кызматташуунун негизги багыттарынын программасы, ”Турак-жай курулушун каржылоо” компоненти;

2) Саламаттык сактоо” кызматташуунун негизги багыттарынын программасы, Саламаттык сактоо боюнча сектордук программа V” компоненти;

3) Саламаттык сактоо” кызматташуунун негизги багытынын программасы, Эненин жана баланын ден-соолугун сактоо IX” компоненти;

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу