КР делегациясынын Алматы шаарында болуп өткөн «CASA-1000» долбоору боюнча ӨАК жыйынына катышуусу жөнүндө

Новости
24-Апрель 2016-ж.
2066

2016-жылдын 19-21 апрелине чейин Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) «CASA-1000» долбоору боюнча Биргелешкен жумушчу топтун(мындан ары-БЖТ), сатып алуулар боюнча комитеттин жана Өкмөт аралык кеңештин (мындан ары-ӨАК) жыйыны болуп өттү.

ӨАК жыйынында кыргыз тараптан экономика министри А.Кожошев, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы”ААК башкармалыгынын төрагасы А. Калиев, «УЭС Кыргызстан» ААК генералдык директору М. Айткулов, ”Электр станциясы” ААК генералдык директору Т. Толубаев, КР ТИМ департаментинин директору А.Анарбаев, ПГИ МФ КР бөлүм башчысы М. Өскөмбаев катышты.


БЖТ жолугушуусунун жүрүшүндө үч конвертордук көмөкчү чордонго болгон баалардын негизделбеген түрдө жогорулоосуна карата катышуучу өлкөлөргө долбоорду реконфигурациялоо маселесин кароо боюнча сунуш берилди. Өз кезегинде КР жумушчу тобу тарабынан Тажикстанда жана Пакистанда альтернативдүү электр камсыздоо болгонун эске алуу менен эки терминалдык принципке өтүү боюнча вариант сунуш кылынды

Бул вариант ток берүү объекттерин куруучу компаниялардын катышуусун көбөйтүп, атаандаштык жаратуу менен бардык долбоордун баасына таасирин тийгизбейт.

Көп тараптуу талкуунун жыйынтыгы боюнча эл аралык финансылык институттар жана башка өнөктөштөр долбоорду ишке ашыруу боюнча өз колдоосун дагы бир ирет бекемдешти, ушуга байланыштуу, БЖТ өз Протоколу менен жыйындын жүрүшүндөгү бардык келишимдерди ӨАК кароосуна киргизди.

ӨАК жыйынынын жүрүшүндө бул маселелерди карап чыгып жана бул маселелерди талкуулап, «CASA-1000»,электр энергиясын берүү боюнча долбоорду колдоого тиешелүү маселелер менен байланышкан долбоорду реструктуризациялоону колдоо жөнүндө” резолюцияга кол коюлду, долбоорго катышуучу мамлекеттер:

-Башкы макулдашууга өзгөртүү киргизилди, ошону менен бирге КР на бардык CASA-1000 долбоору боюнча кредиттик макулдашуулар боюнча ички мамлекеттик процедураларын 2016-жылдын 7-июлуна чейин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү берилди.


-Кыргыз Республикасынын өкмөттүк кепилдигинин түрү жөнүндө макулдашылды, ошону менен Кыргыз Республикасына CASA-1000 долбоорунун негизги макулдашууларынын күчүнө кирүүсү үчүн алдын ала шарттарын аткарууга мүмкүнчүлүк беришти.

- Сангтудда жана Новшерде үч терминалдуу конфигурациядан эки терминалдууга өзгөртүү жолу менен реструктуризацияланган долбоор бекитилди, ошондой эле эки ай аралыгында ӨАК жыйынында бекитүү менен ИРА ны электр энергиясы менен камсыз кылуу варианттарын карап чыгуу , бул үчүн кыска мөөнөттө конвертордук көмөкчү чордондорго жаңы тендердик процесске киришүү зарыл.

- БЖТна долбоордун бир же эки жылга кармалып калуусунда донорлор менен кредиттик макулдашууларга өзгөртүү киргизүү үчүн , долбоордун техникалык, коммерциялык жана финансылык натыйжасы боюнча жаңы структурасына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн зарылчылыгын аныктоо үчүн негизги долбоордук макулдашууларды, 2 ай аралыгында карап чыгууну тапшырды.

-2-ай аралыгында Сангтуд менен Новшердеги жаңы конфигурацияларды эске алуу менен көмөкчү чордондор компонентине кайрадан тендер даярдалып жарыялансын.

-ӨАК Секретариатына катышуучу мамлекеттердин Өкмөтүнүн атынан бардык Эл аралык финансылык институттарга жана башка өнөктөштөргө долбоорду ишке ашыруунун токтоп турганына байланыштуу кредиттерди реструктуризациялоо , жана бекитилген каржылоону колдоо көрсөтүүнү улантуу жөнүндө кат жөнөтүү тапшырмасы берилди.


Долбоорду ишке ашырууну баштоо фазасынын расмий ачылышы Тажикстан Республикасында долбоордун бардык катышуучу мамлекеттердин,эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу