Экономика министрлиги: ЕАЭБ ге интеграциялануу шарттары –бул жеңилдиктер же преференциялар эмес, бул бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар

Новости
24-Апрель 2016-ж.
2736

Экономика министрлиги коомчулукту интеграциялык биримдиктин алкагындагы экономикалык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө түшүндүрүү иштерин улантууда. Биринчиден, Евразия экономикалык биримдиги менен интеграциялануу шартына адаптациялануу мезгилинен өтүү- мамлекет менен бизнес коомчулуктун жана өлкөнүн жарандарынын биргелешкен аракетин, бири-бирине болгон ишенимдүү өнөктөштүгүн талап кылуучу маселелерден.

Экинчиден, Кыргызстандын ЕАЭБ ге кошулуусунда калктын калың катмары менен жана бизнес менен ачык талкуу жүргүзүү 4-жыл бою жүргүзүлдү. Натыйжада, социологиялык иликтөөлөрдүн маалыматы боюнча, Кыргызстандын ЕАЭБ ге кошулуу учурунда, Биримдикке кирүү үчүн калктын 75% жогору бөлүгү добуш берди.

Бизнес менен диалог жүргүзүү учурунда Экономика министрлигинин позициясы, ЕАЭБ ге интеграциялануу шарттары –бул жеңилдиктер же преференциялар эмес, бул бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар. Эч кандай аракеттерди көрбөй, же кол тийгизбей туруп, бир заматта экономикалык укмуштарды күтүүнүн өзү туура эмес.

Узак убакытка чейин болжолдонгон көрүлө турган пайда менен бирге кыска мөөнөттүү аралыктагы терс натыйжалар, министрликтин макроэкономикалык болжолдоолорунда берилген. Бул маселелер бизнес менен талкууланып алар тараптан түшүнүү менен кабыл алынган.

Орто жана чакан бизнес структурасынын 70% жогору бөлүгүн кичи ишканалар түзөт, алар ЕАЭБ талаптары менен стандарттарын эсепке алуу менен өндүрүштүн багытын кайра багыттоо жана модернизациялоо, жаңы технологияларды киргизүү менен бирге өз позицияларын бекемдөө үчүн татаал жолду басып өтүүгө туура келет. Кыргызстандын ЕАЭБ ге кошулуусу негизги өнөктөш өлкөлөр болуп эсептелген Россия менен Казакстандагы жана дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүн кучагына алган финансылык-экономикалык жана саясий кризис мезгилине туура келгенин белгилебей өтүүгө мүмкүн эмес. Нефтиге болгон баанын төмөндөөсү, кытай фондулук рыногундагы олку-солкулук, Европа Биримдигинин бир катар мамлекеттериндеги саясий көйгөйлөр сыяктуу факторлордун баары бүгүнкү күнгө чейин терс таасирин тийгизип, өлкө экономикасынын ЕАЭБ ге кошулуу таасиринен алган натыйжаларды да жууп” кетирүүдө.

Ошол эле мезгилде, улуттук экономиканын өнүгүүсү 2015-жылы 3.5% түздү. Салыштырып алсак, 2009-жылы Кыргызстандын ББ не кошулуу идеясы жаңыдан гана талкуулана баштаган мезгилде, дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын КР экономикасына тийгизген таасири олуттуу болуп, (интеграциялана элек мезгилде) 0.9% түздү.

Экономика министрлиги, дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүн ойлонтуп турган саясий жактан да экономикалык жактан да татаал болуп турган ушул мезгилде Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ не кошулуусу өз убагында кабыл алынган чечим болду деп эсептейт. Эгер бул сүйлөшүүлөр дагы артка жылдырылып сүйлөшүүлөр өз убагында аяктабаган болсо, анда дүйнөлүк масштабдагы оор тышкы саясий шарттарда аймакта болуп жаткан геосаясий кырдаалдардын өзгөрүү фонунда ЕАЭБ не кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр белгисиз мөөнөткө чейин созулмак.


Баарынан маанилүүсү, Кыргыз Республикасы ЕАЭБ ге карата үчүнчү өлкө болуп эсептелмек. Ошону менен бирге биздин өлкөгө карата түрдүү багыттагы чектөөлөр, бажы чек араларын жабуу, эмгек мигранттарынын абалы оорлоп Кыргызстандын араң турган экономикасы мындан ары да дүйнөлүк кризистин эпкинине кабылмак.

ЕАЭБ ге кошулганыбызга 8 ай болду. Бул кыска убакыт аралыгында тез эле бир нерсени өзгөртө коюу мүмкүн эмес.

Бирок, ошентсе да республикада бул убакыт аралыгында көп нерселерге жетишилди, тактап айтканда:

-ЕАЭБ органдарында ЕАЭБ дин башка катышуучулары менен бирге тең укукта болуусу ; Коллегиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын үлүшүнө ЕАЭБ ишиндеги эки багыт аныкталды (бажы кызматташтыгы, энергетика жана инфраструктура);

-бажылык, санитардык жана фитосанитардык контролдоо алынып салынды;

-ЕАЭБ 180-миллион калктуу рыногуна жол ачылды.

-4-бажы пункту жана 7 ветеринардык-контролдук пунктту жаңы жабдуулар менен жабдылды. РФ грантынын эсебинен(200 млн.АКШдоллары).

-28-аккредиттелген лабораториялары жана 6 сертификаттоо боюнча органдар ЕАЭБ нин Бирдиктүү реестрине киргизилип, алар биримдиктин бардык аймагында таанылуучу документтерди берүү укугуна ээ.

- бүгүнкү күндө 18 кыргызстандык ишкана ЕАЭБ дин мүчө-мамлекеттерине жеткирүү жүргүзө алышат (термикалык иштетүүдөн өткөн даяр продукциялар, сүт продуктылары, бал жана балык продукциясы);

-Кыргыз- Россия Өнүктүрүү фонду ишке кирди;

-эмгекке орноштуруу жол-жоболору жеңилдетилди жана эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөсүнүн социалдык шарттары жакшырды. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биз утуштабыз. Сыноо лабораторияларын модернизациялоо процесси, анын ичинде республиканын аймактарындагы лабораторияларды жаңыртуу, ишкерлерге чыгымдарды кыскартууга алып келет, анткени сыноолор жеринде жүргүзүлүп калат.

-КР Экономика министрлигинин базасында ЕАЭБ менен байланышкан суроолор боюнча Шыр байланыш” маалыматтык сурап билүү порталы түзүлгөн. (тел. 1220, www.info.trade.kg.);

- Өнөр-жай өндүрүшүн жана өнөр жай жана агро өнөр жай комплексин кеңейтүү тармагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана өнөр жайды колдоо жаатында макулдашылган агро өнөр жай саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча, мүчө-мамлекеттердеги айыл-чарба продукциясын сатуунун биржалык инструменттерин өнүктүрүү үчүн, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча иш чаралар белгиленди.

-КРӨФ боюнча насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн өнөктөш банктарды көбөйтүү пландаштырылууда. Ушуга байланыштуу, фонддун башкармалыгы тарабынан өнөктөш банктарга болгон тандоо талабын азайтуу боюнча сунуш даярдалууда. Чакан жана орто бизнести жылдык пайызы 5% турган, суммасы 1 млн.доллар турган насыялар менен камсыз кылуу башталды. Ставкаларды төмөндөтүү өлкөдө ишкер чөйрөнүн активдүү иштөөсүнө алып келет . Ошол эле мезгилде өнөктөш банк насыя каражаттарын берүү менен байланышкан жыйымдар үчүн , анын ичинде эсептешүү кассалык тейлөөсү үчүн кошумча кармап калууларды жүргүзбөйт.

Мындан тышкары, Фонд коммерциялык банктардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, анын жыйынтыгында программага КР 9-10 коммерциялык банктары катыша турган болду. Айыл чарбасында орто жана чакан бизнес үчүн 10-млрд. Сом кошумча бөлүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.

ХАССП боюнча айрым бизнес-ассоциациасынын өкүлдөрүнүн айкан пикирлери туура эмес. Биринчиден, ХАССП стандарты” деген түшүнүк жок, ХАССП тутуму бар. Экинчиден, ЕАЭБ тин Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти 2017-жылдын 12-августунан баштап күчүнө кирет, жана ошого ылайык ХАССП принциптерине негизделген жол-жоболорду иштеп чыгуу, колдоо жана ишке киргизүү каралат.


Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, продукциянын коопсуздугу өндүрүүчү тарабынан шайкештикти декларациялоо жолу менен тастыкталат, анын ичинде өндүрүүчүнүн өз лабораториясы болуусу милдеттүү эмес.


Өндүрүүчүлөрдү жана ишкерлерди колдоо максатында КР Экономика министрлиги тарабынан2015-жылдын 21-декабрында ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш продуктыларынын коопсуздук менеджментинин тутумунун натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл болгон өндүрүштүк контролдоо программасынын негизги жоболорун ишке киргизүү боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө” №39- буйругу иштелип чыгып, кабыл алынган. Бишкек жана Ош шаарларында ХАССП принциптери менен бирге техникалык регламенттер темасында бир нече семинарлар өткөрүлдү.

Последние инициативы для экономического сотрудничества стран ЕАЭС:

В прошлом году подписано с Соглашение о зоне свободной торговли ЕАЭС с Республикой Вьетнам – в рамках, которого вьетнамской стороной выделена квота для стран ЕАЭС на поставку табака и табачных отходов в объеме 500 тонн, в рамках которой таможенная пошлина будет постепенно снижена с 10% до 0% в 2020 году. Ставка на необработанный табак и табачные отходы вне квоты составляет 80–90%.


ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык кызматташуу үчүн акыркы демилгелери:

Өткөн жылы ЕАЭБ менен Вьетнам Республикасы менен эркин соода зонасы жөнүндө Макулдашууга кол коюлду. Анын алкагында-Вьетнам Республикасы ЕАЭБ мамлекеттери үчүн 500-тонна көлөмүндө тамеки жана тамеки калдыктары үчүн жеткирүүлөргө квота берди, анын алкагында бажы алымдары этап менен 10%дан кыскартылып отуруп 2020-жылы 0% түзөт. Иштетилбеген тамекиге жана тамеки калдыктарына болгон коюмдар квотадан тышкары 80-90% түзөт.


Иран-Египет-Израиль-Индонезия-Сингапур- Камбоджа, Сербия, Индия мамлекеттери менен эркин соода зонасын түзүү мүмкүнчүлүгү каралып-Кыргызстандын товарлары үчүн бул мамлекеттердин рыногу үчүн жол ачуу жана Кыргызстан тараптан экспорттолуучу товарлар үчүн преференция режимин алуу каралууда. ЕАЭБ дин Бажы кодексинин долбоорун иштеп чыгуу. ЕАЭБ дин мүчө-мамлекеттериндеги эмгекчилердин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишимдин долбоорун иштеп чыгуунун үстүндө иш жүргүзүлүүдө.

Төмөнкүдөй макулдашууларга кол коюлду:

-2015-2016-жылдары (мех буюмдары) товардык позициясы боюнча контролдук (идентификациялык) белги менен товарларды маркалоону киргизүү боюнча сынамык долбоорду ишке киргизүүнү ишке ашыруу жөнүндө;

-интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укукту коргоо боюнча аракеттерди координациялоо жөнүндө келишим

-ЕАЭБ алкагында нефти продуктыларынын, нефтинин, газдын индикативдик(болжолдуу) баланстарын түзүү Методологиясы жөнүндө.

ЕАЭБ дин нефти жана нефти продуктыларын жана газдын жалпы рыногун түзүү жөнүндө Концепция бекитүүгө даярдалууда (Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште бекитилет) .

Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасы Европа Комиссиясынын Кеңешинин дарегине ВСП+ ЕС преференцияларынын атайын схемасын колдонуу боюнча арыз берди.

Онлайн кайрылуу