Кара-Балтада кыргыз-казак «ОПК» ЖЧК чакан-тегирмен ишканасын ачуу маселесин чечүү жөнүндө.

Новости
30-Март 2016-ж.
1841

2016-жылдын 30-мартында Кара-Балта шаарында Экономика министрлиги биргелешкен кыргыз-казак ЖЧК Биргелешкен азык-түлүк компаниясы” ишканасында пайда болгон маселелерди калыс кароо максатында көчмө жыйын уюштурду.

Көчмө жыйын Жогорку Кеңештин депутаттары Б. Райымкулов, М.Айнакулов, Жайыл районунун акими, Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары , Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун, мамлекеттик экономикалык өнүгүү фондунун өкүлдөрү, Дан” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жана администрациясынын катышуусунда өттү.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Дан” мамлекеттик ишканасына

Белгиленген мыйзамдык тартипте ЖЧК Биргелешкен азык-түлүк компаниясы” ишканасы менен ижара келишимин түзүү сунушу берилди.

Ижара келишими түзүлгөндөн кийин бош турган аянтка инвестор тарабынан курулган суткасына 30-тонна кубаттуулуктагы тегирменди ишке киргизүү болжолдонууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу