Джекшенбек Урмамабетов Өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды.

Новости
30-Март 2016-ж.
1966

2016-жылдын 28-мартында Экономика министрлигинин аппараттык кеңешмесинин жүрүшүндө министр Арзыбек Кожошев КР ЭМ алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун иш башкармалыгынын начальниги Урманбетов Джекшенбек Аширбековичке Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, абийирдүү ак кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырды, ардактуу эс алууга чыккандан кийин, коомдук башталышта Министрликтин ардагерлер кеңешин жетектөө сунушу берилген.

Министр Дж.Урманбетовго мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүндө жетишкен ийгиликтерине ыраазычылык билдирүү менен жогорку кесипкөйлүктү, кызматтык милдетти жогорку жоопкерчилик менен аткаруудагы жоопкерчилигин, активдүүлүгүн белгилей өттү. Мындан аркы коомдук иштеринде ийгиликтерди каалоо менен чың ден-соолук, бакубат жашоо каалады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу