Сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу жана сапатын контролдоо боюнча аралык отчет бекитилди.

Новости
28-Март 2016-ж.
1917

Ушул жылдын 28-мартында экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманованын төрагалыгы астында 2015-жылдын 9-июнунда жактырылган, Кыргыз Республикасындагы сүт жана сүт продукцияларынын коопсуздугу жана сапатын контролдоонун Мастер-Планын кабыл алуу боюнча Координациялык комитеттин биргелешкен долбоорунун 2- кеңешмеси болуп өттү.


КР Экономика министрлиги жана Эл аралык кызматташуунун Япон агенттигинин (JICA) JICAнын Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн , КР Өкмөт Аппаратынын, КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана КР Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлдөрү катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө аралык отчет берилди жана бекитилди, 2-багыт боюнча Долбоорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды: сүт чарбасы боюнча(сүт берүүчү малдын идентификациялык тутумун жакшыртуу, саандык ыкмаларын, гигиенасын жакшыртуу) жана техникалык жөнгө салуу боюнча ( тамак-аш лабораторияларынын сыноо жүргүзүүсүнүн сапатын жана коопсуздугун контролдоо программасын жакшыртуу, тамак-аш коопсуздугунун башкаруу системасын жакшыртуу, тамак-аш продуктыларын жөнгө салуу жөнүндө маалымат жана сертификаттоо).


Аралык отчетто төмөнкүлөр камтылган:

-сүт секторундагы мал чарбачылык көйгөйлөрү жана тамак-ашты контролдоо;

-сүттүн жана сүт продукцияларынын сапаты жана коопсуздугун контролдоо боюнча Мастер Пландын алдыга койгон максаттары;

-ветеринарлардын квалификацияларын жогорулатуу боюнча семинарларды жүргүзүү боюнча сунуштар, инфекциялык оорулар менен күрөшүү үчүн өз ара көмөктөшүү системасын түзүү, сыноо лабораторияларында адам ресурстарын өнүктүрүү, өндүрүштүн бардык катышуучуларын этаптык даярдыктан өткөрүү(административдик жана техникалык курамды), сүт коопсуздугуна жана тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн гигиенасын, сапатын контролдоо системасын кайра түзүү.

ХАССП тутумун ишке киргизүү боюнча жооптуу ата-мекендик кызматкерлерди даярдоо жана колдоо системасын иштеп чыгуу, ошондой эле технологиялык жана экономикалык колдоо чараларын иштеп чыгуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу