Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун ишин мындан ары өнүктүрүү жөнүндө

Новости
28-Март 2016-ж.
1950

2016-жылдын 29-мартында Экономика министрлигинде Евразия Борбордук Азия Фонду менен бирге Сорос-Кыргызстан” Фондунун финансылык колдоосу астында Аймактарды өнүктүрүү фонддору, чындык жана келечекке чакырык” темасында тегерек стол болуп өттү, анда министрдин орун басары Данияр Иманалиев сөз сүйлөдү.


Тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты И. Пирматов, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү катышты.


Жолугушуунун максаты-аймактарды өнүктүрүү фонддорун жөнгө салуудагы кемчиликтер жана боштуктар, багыттар жана көйгөйлөрдү талкуулоо.

Тактап айтканда Региондорду өнүктүрүү фондун түзүү боюнча типтүү жобонун концепциясына тиешелүү маселелердин, жергиликтүү маанидеги долбоорлорду каржылоонун процедуралык маселелери, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү органдардын бирге аракеттенишүүсү жөнүндө маселелер каралды.


Ошондой эле министрликтин региондорду өнүктүрүү фондунун ишин мындан ары өнүктүрүүдө жасаган жана алдыга пландаштырган иштери белгиленди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу