КР экономика министри «ЭрлерэнержиАдэлман» түрк-немец коипаниясынын Генералдык директору менен жолугушуу өткөрдү.

Новости
28-Март 2016-ж.
1861

2016-жылдын 28-мартында экономика министри Арзыбек Кожошев ЭрлерэнержиАдэлман» түрк-немец коипаниясынын Генералдык директору, 15-жылдан бери Түркияда жана бир катар Европа мамлекеттеринде таштандыны кайра иштетүүчү заманбап заводдорду куруу менен алектенип келген, мырза С.Эрдиклер менен жолугушту.

Тактап айтканда мындай заводдор, Гамбургда, Берлинде, Измирде жана башка Европа шаарларында ишке киргизилип , учурда ийгиликтүү иштеп жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө.

С. Эрдиклердин айтуусу боюнча, компанияынын негизги максаты,Ош шаарына «Киото» стандартына шайкеш келген таштандыларды утилдештирүү боюнча заводду куруу болуп эсептелет. Бул долбоордун болжолдуу наркы 55 млн.түзөт. Ошондой эле 150-200 жумушчу орундары түзүлөт. Мындан тышкары долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен компания европа стандарттары менен турак-жай комплексин, поликлиника, бала бакчасын, жергиликтүү калк үчүн спорт комплекстерин куруу ниетин билдирди.

Өз кезегинде министр А.Кожошев Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөннүдө” КР Мыйзамында каралган кепилдиктер жөнүндө маалымат берүү менен таштандыларды күйгүзүү жолу менен алынган электр энергиясына пайдалуу тарифтерди белгилей кетти. Ошондой эле, бул долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирүү менен, ушундай эле долбоорлордун Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу