Мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, журналисттер үчүн тоо кен казып алуу тармагындагы саясат жөнүндө

Новости
23-Март 2016-ж.
1984

Борбордук Азия Университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту КР Экономика министрлиги менен бирге, тоо-кен казуу секторундагы саясатты ачык талкуулоонун сапатын жогорулатуу жанан маалыматтуу кесипкөйлөрдүн коомун түзүү үчүн, тоо- кен казуу тармагына тартылган мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн 5-жумадан турган окуу программасын ишке ашырууну пландаштырууда,

Курс 11 модулдан туруп, аудиториялык сабактардан жана чакырылган эксперттер менен эркин пикир алмашууну жана ар бир катышуучунун иш тармагына көз каранды болгон жекече кортунду долбоорлорду карайт.

Программа чакырылган эксперттердин жана иштеп жаткан кесипкөйлөрдүн муктаждыгын жана мүмкүнчүлүгүн эске алат.Бул курстун мазмуну Колумбия Университетинин алдындагы туруктуу инвестициялар боюнча борбордун жана табигый ресурстарды башкаруу институту сыяктуу таанылган уюмдар менен өнөктөштүктө иштелип чыккан; келечекте бул курс БАУ нин магистрдик программасынын Экономикалык өнүгүү” багыты боюнча магистрдик программанын бир бөлүгү болот.

Тоо-кен казуу тармагындагы саясат жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү Окуу программасынын структурасы :

1.Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасынын обзору, өлкө экономикасына тоо-кен жана металлургия секторунун киргизген салымы жана экономикалык көрсөткүчтөр;

2. Экономика жана финансы

3. Жер казынасын казуу жана жашоо цикли;

4. Ченемдик-укуктук негиздер жана мамлекеттик саясат;

5. Жер казынасын казуу боюнча макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөр;

6. финансылык пайданы оптималдаштыруу;

7. Социалдык-экономикалык пайданы оптималдаштыруу;

8. табиятты жөнгө салуу:туруктуулук менен байланыш;

9.Кен түгөнгөндөн кийинки иш.

10. Тоо-кен өнөр-жайындагы жана туруктуу саясатты талкуулоо: көйгөйлөрдү тактоо;

11. тоо-кен секторундагы саясат боюнча долбоорлорду презентациялоо.

Мындан башка Тоо-кен тармагы жана туруктуу өнүгүү” макаласы пландаштырылууда. Бул макала Форум (тоо-кен секторундагы жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө Бишкек шаарында ушул жылдын 11-мартында өткөрүлгөн Форум) өткөрүү учурунда айтылган жана даярдалган аналитикалык пикирлер жана иштеп чыгуулар жана окуу программасынан турат. Ошондой эле бул макала башкаруучулар жана мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучулар , жарандык коом жана жеке сектор үчүн сурап-билүүчү материал катары колдонулат. Макала кыргыз, орус, англис тилдеринде окуу материалы катары БАУ жана өнөктөш уюмдун программаларында колдонулат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу