ЕАЭБ алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү талаптар

Новости
22-Март 2016-ж.
1896

Ушул жылдын 23-мартында Ош шаарында Экономика министрлиги тарабынан тамак –аш продукцияларын Евразия экономикалык бирлигинин алкагында (ЕАЭБ) жана Финляндия Өкмөтү каржылоочу БУУнун Өнүгүү Программасынын ”Соода көмөктөштүгү” долбоорун колдоосу астындагы (ISO 9001, 22 000, НАССР) стандарттар жана менеджмент тутумун техникалык жөнгө салуу боюнча тегерек стол уюштурулду.


Бул иш чарада айыл-чарба өндүрүүчүлөрү, кооперативдер, тамак-аш тармагындагы ишканалар, бизнес-ассоциациалар жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу уюмдары катышты.


Тегерек столдун катышуучулары ЕАЭБ нын алкагындагы техникалык жөнгө салуу тармагындагы талаптар менен таанышты, анын ичинде, ченемдик-укуктук жөнгө салуу жана ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралды колдонуу тартиби менен таанышты. Ошондой эле тамак –аш продукциясын мамлекеттик каттоо жана шайкештик маселелери чагылдырылды. Катышуучулар бул суроолорго аябай кызыгуу менен көңүл бурушту, жана Экономика министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана КР ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистерине болгон суроолорун бере алышты.


Ошондой эле тегерек столдун жүрүшүндө экспорт маселелери боюнча жана жергиликтүү компаниялардын ага болгон даярдыгы боюнча катышуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Бул маалымат компаниянын маалыматтар базасын түзүү жана экспорт боюнча нускаманы иштеп чыгуу үчүн пайдаланылат.


Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мамлекеттерине тамак-аш продуктыларын экспорттоого жол ачуучу актуалдуу маалыматтар берилгенине ыраазычылык билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу