Товарларды маркалоо жана таңгактоо мыйзамдарынын талаптары түшүндүрүлдү

Новости
10-Март 2016-ж.
2025

2016-жылдын 9-мартында Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан соода компанияларынын, соода түйүндөрүнүн жана тамак –аш продуктыларын өндүрүүчүлөрүнүн катышуусунда тегерек стол өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын товарларды маркалоо жана таңгактоодо өлчөө бирдигин камсыз кылуу тармагындагы мыйзамдардын бузулуу себептери менен байланышкан маселелер талкууга алынды.

Жолугушуунун катышуучулары жеринде колдонуу үчүн сунуш кылынган товарларды маркалоо жана таңгактоо боюнча ченемдик документтер менен таанышты . Чакырылган коноктор өлчөө бирдигин камсыз кылуу маселелери боюнча суроолоруна жооп ала алышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу