Бишкекте КР тоо-кен тармагындагы саясатка арналган конференция болуп өтөт

Новости
10-Март 2016-ж.
1924

2016-жылдын 11-мартында «ХаяттРидженси Бишкек” отелинде КР Экономика министрлиги Боорбордук Азия Университети менен биргеликте КР тоо-кен тармагында жүргүзүлүп жаткан саясатка арналган конференция болуп өтөт.

Чет элдик жана улуттук эксперттер Кыргыз Республикасындагы жана башка өлкөлөрдөгү кен казуу тармагынын аспекттери жөнүндө ой бөлүшөт.

Кен казуу тармагындагы инвестиция тартуу, тоо кен тармагынан түшкөн каражаттарды рационалдуу пайдалануу, кен казуу ишканаларынын экологиялык жана социалдык жоопкерчилиги, мамлекет жүргүзгөн саясаттын маселелери козголот.

Конференцияда кен казууну жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык коом, бизнес-коомчулуктун, жергиликтүү элдин, эл аралык уюмдардын жана чет өлкөнүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу