Министр А. Кожошев текстиль жана жеңил өнөр жай өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Новости
09-Март 2016-ж.
1935

2016-жылдын 10-мартында экономика министрлигинин Чоң залында министр Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында текстиль жана жеңил өнөр жай өкүлдөрү менен евразия интеграциясынын алдында бул тармакта пайда болгон маселелерди талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө продукцияны экспорттоону кеңейтүү чаралары жөнүндө, ата-мекендик ишканалардын ЕАЭБ мамлекеттеринде мамлекеттик сатып алууларга катышуу жол-жоболору , эл аралык көргөзмөлөрдө ата-мекендик компаниялардын катышуусу биздин товарлардын атаандаштык мүмкүнчүлүгүн арттырып, КР өндүрүүчүлөрү үчүн 180 млн калкы бар рынокко жол ачат.

Министр А. Кожошевдин пикиринде, Өкмөт ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн туруктуу саясат жүргүзүп келүүдө. Сатуудан алына турган салыкты этап этабы менен алып салуу киргизилди, Өкмөттүн кризиске каршы программасы иштелип чыкты, анда кадамдык аракеттер так берилип жана аткарылуу мөөнөтү келтирилген бул баарыдан мурда бизнес –чөйрөнү колдоого алууга багытталган.

Мындан тышкары Кыргыз –Орус фонду 700 млн сомду Айыл Банк менен РСК банкка бөлүштүрүлүп берди. Учурда чакан жана орто ишкерликти насыя менен камсыз кылуу жогоруда көрсөтүлгөн эки банк аркылуу тоскоолдуксуз бөлүштүрүлүп бериле баштайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу