Бажы биримдигинин күчүнө кирген 11 Техникалык регламенттери жөнүндө

Новости
09-Март 2016-ж.
2188

Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлигин алдындагы стандартташтыруу жана метрология борбору , 2016-жылдын 12-февралынан баштап республиканын аймагында Бажы бирлигинин 11 техникалык регламенти күчүнө киргендигин маалымдайт:

-"Төмөнкү вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 004/2011)

-"Парфюмерия-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 009/2011)

- Газ түспөл oтун менен иштөөчү аппараттардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 016/2011)

-Автомобиль жолдорунун коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 014/2011) БС

-"Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 018/2011) БС

-"Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 019/2011) БС

-"Дандын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 015/2011)

-"Техникалык каражаттардын электр магниттик шайкештиги" (БС ТР 020/2011)

-Ашыкча басым менен иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 032/2013)

-"Чакан көлөмдүү кемелердин коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 026/2012)

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына жогоруда көрсөтүлгөн ББ ТР тиешелүү товарларга шайкештик сертификаты же Бажы бирлигинин бирдиктүү формасы боюнча таризделген шайкештик боюнча декларация берилүүсү керек.

Бишкек сыноо борборунун сертификаттоо боюнча органы жана сыноо лабораториясы(тамак-аш жана айыл чарба продукциясы, эл керектөөчү товарлар, электротехникалык жана машина куруучу товарлар, КММ) Бажы бирлигинин сертификаттоо жана сыноо лабораториялары боюнча Бирдиктүү реестрине киргизилген.

Сертификаттарды тариздөө жол-жоболору менен жана Бажы бирлигинин бирдиктүү формасы боюнча шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо боюнча маалыматты: 66-19-70 , 62-57-24, 62-57-13, 62-57-12 тел боюнча алууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу