2015-жылдын жыйынтыгы боюнча чет элдик түз инвестициялар 818,8 млн. АКШ долларын түздү

Новости
08-Март 2016-ж.
1915

2014-жыл менен салыштырмалуу түз инвестициялардын келип түшүүсү 112,6% түзүп көлөмү 91,7 млн. АКШ долларына жогорулады.

Экономикалык ишмердүүлүктүн түрү боюнча келип түшкөн тикелей чет элдик инвестициянын үлүшү кесиптик, илимий жана техникалык ишке 32%; кайра иштетүү өнөр жайына 24,1%, курулуш секторуна 12.5 % туура келген.

2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу КМШ мамлекеттеринен келип түшкөн инвестициянын көлөмү 102,8% жогорулап, 187 млн. АКШ долларын түздү, бул жалпы келип түшүүлөрдүн 22.6% түзөт. Россия Федерациясынын инвесторлору ишке ашырган инвестициянын көлөмү 118,2 млн. АКШ долларына , ал эми Казакстандан келип түшкөн инвестициянын көлөмү 25,7 млн. АКШ долларын түздү.

КМШ мамлекеттеринин ичинен Белорус Республикасын ала турган болсок, Белорусиядан келген инвестициялардын көлөмү 2015-жылы 40,7 МЛН.акш долларын түзсө( 2014-жылы келип түшүүлөрдүн саны 90,5 АКШ долларын түзгөн).

Жалпы келип түшкөн инвестициялардын 77,4% КМШ өлкөлөрүнөн сырткары келип түшөт. Улуу Британиядан келип түшкөн инвестициянын көлөмү 189,6 млн.АКШ долларын түзүп, жалпы көлөмдүн 23,2 % түзөт, 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.5 эсеге жогорулаган. Түркиядан келип түшкөн инвестициялардын саны 3.6 эсеге өсүп, 105,7млн.АКШ долларын түздү. Жалпы көлөмдүн 12,9% түзөт жана Нидерландиядан келип түшкөн инвестициянын көлөмү 2-эсеге жогорулап 13,4 млн. АКШ долларын түздү. Анын ичинде Канададан(29%) жана Кытайдан (51%) келип түшкөн инвестициялардын саны кыскарды

Ошондой эле, 2015-жылы төмөнкү мамлекеттер жаңы инвестор мамлекеттерден болуп калышты:

Кувейт-4,3 млн. АКШ доллары( 2014-жылы -8.1 миң АКШ долл)

Марокко – 4,3 млн.АКШ доллары(2014-жылы 12.2 миң АКШ доллары

Кыргыз Республикасынын аймактарынын ичинде тикелей инвестициянын келип түшүүсү боюнча 2015-жылда Жалал-Абад облусуна келип түшкөн инвестициялар 202,4 млн.АКШ долларын түзүп 2014-жылга салыштырмалуу 55,2% жогорулады.

Ысык-Көл облусуна келип түшкөн инвестициялардын салыштырма салмагы 132,4 АКШ долларын түзүп(жалпы көлөмдүн 16,2%) 28% төмөндөгөн.

Талас облусу боюнча келип түшкөн түз инвестициялардын салыштырма салмагы867,7 миң. АКШ долларын түздү (жалпы көлөмдүн 0,1%)

2015-жылы Бишкек шаары боюнча тикелей инвестициянын саны 105,3% жогорулап, 365 млн. АКШ долларын түздү.

Анын ичинде Ош шаары боюнча келип түшкөн инвестициянын көлөмү эң төмөн көрсөткүчтү камсыз кылып, 10,7 миң АКШ долларын түздү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу