Статс-секретарь А. Курманова Азия Өнүктүрүү Банкынын эксперттерине изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча берген отчетуна ыраазычылык билдирди

Новости
04-Март 2016-ж.
2011

2016-жылдын 2-3-мартында «Парк отель» мейманканасынын конференц-залында АӨБ Борбордук жана Батыш Азиядагы климаттык өзгөрүүнүн экономикасы” долбоору боюнча аймактык семинар КР Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманованын катышуусу менен болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө Афганистан, Тажикстан жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле илим-изилдөө институттарынын, бизнес-сектордун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Статс-секретарь А. Курманова жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча берген отчету үчүн АӨБ эксперттерине ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге келечекте боло турган климаттын өзгөрүү кесепетинен аймактагы өлкөлөрдүн экономикасына тийгизе турган таасирлерине баа берүүдөгү макроэкономикалык талдоонун жыйынтыгы , климаттык таасирлерден улам потенциалдык жоготуулардын алдын алуу үчүн превентивдүү чаралардын наркы семинардын катышуучулары үчүн чоң кызыгууну туудурду. Ушул жылдын май айында бериле турган корутунду отчет Жердеги климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетине биздин аймактагы бардык өлкөлөрдүн адаптациялануусу боюнча улуттук программалык аракеттери үчүн экономикалык негиз боло алат –деп билдирди А.Курманова.

Жогоруда аталган долбоордун негизги максаты климаттын өзгөрүү шартында региондогу өлкөлөрдүн туруктуу социалдык -экономикалык өнүгүүсүнө маалыматтарды таркатуу жолу менен жана эл чарбасынын түрдүү тармактарында заманбап технологияны берүү, ошондой эле климаттын өзгөрүү кесепеттерине адаптациялоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашырууга көмөктөшүү болуп эсептелет. Долбоордун эң негизги максаты өз ичине мамлекеттик мекемелердин потенциалын бекемдөө, илим изилдөө институттарын бекемдөө, жеке секторду жана жарандык коомду бекемдөө менен коомчулуктун климаттын өзгөрүү маселелери боюнча кабардар болуусун камсыз кылуу.

Учурда аймактагы өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүүсүнүн энергетикалык жана суу секторуна тийгизген таасирин экономикалык моделдөө боюнча ири жумуштар аткарылууда, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн иш чаралардын наркы жана жоготууларды баалоо маселелери каралууда, болжолдуу түрдө сугат системаларынын зыянга учуроосу жана суунун тартыштыгынан улам айыл чарба өндүрүшүнүн зыянга учуроосу, суу энергиясын өндүрүүнүн төмөндөөсүнөн пайда болуучу маселелер, адаптациялоочу иш-чаралардын наркы жана башка аспекттер , экономикалык талдоонун жыйынтыгы боюнча инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу менен бирге бир нече иштер аткарылууда.

Изилдөөлөр климаттын өзгөрүүсүнүн экономикалык кесепеттери жөнүндө жана адаптациялоо жөнүндө маалымат берүү менен экономика секторлорунун жетекчилигин, органдардын директиваларын, коомчулук өкүлдөрүн энергетика жана суу секторлорундагы кызыкдар тараптарга келечектеги адаптациялоону каржылоого ылайыктуу инвестициялык сунуштардын портфелин түзүүгө жардам берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу