Министр А. Кожошев - бизнесте аялдардын эмгеги олуттуу орунга ээ

Новости
03-Март 2016-ж.
1984

Бул жөнүндө экономика министри Арзыбек Кожошев Аялдар ишкерлигин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн байкоолорго арналган, Кыргыз Республикасында аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү” конференциясынын жүрүшүндө билдирди.

Министр белгилеп кеткендей, бул конференция аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү үчүн финансылык жана финансылык эмес багыттарды аныктоого жардам берет. Кыргызстандын ишкер аялдары өлкөнүн экономикасына эбегейсиз чоң салым кошуп келет. УСК маалыматы боюнча өлкөнүн иш менен камсыз болгон калкынын 41% аялдар түзөт. Ошону менен бирге аялдар чакан жана орто бизнесте 31,3 % түзөт. Саламаттык сактоо жана социалдык жактан тейлөөдө 83.3%, Билим берүүдө 78,6%, мейманкана жана коомдук тамактануу жайларында 64,1 % аялдар түзөт. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе өлкөдө эркектерге караганда аялдардын эмгек акысы 73.3% деңгээли төмөн. Расмий катталган жумушсуз аялдардын саны 57% түзөт. Алардын ичинен 14% жогорку билимдүү, 20% атайын орто билимдүү жана 50% орто билимдүү экенин эске алсак, биз аялдарды экономикалык активдүү ишке тартууда мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатабыз.

Экономика министрлиги жакырчылыкты кыскартуу боюнча Япон фонду менен макулдашуунун негизинде Аялдар ишкерлигин өнүктүрүү” долбоорунун аткаруучу агенттиги болуп эсептелет.

Долбоордун максаты- Кыргыз Республикасынын элет жергесиндеги жана кичи шаарлардагы аялдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу. Долбоорду ишке ашырууда элет жергесинде жана кичи шаарларда жашаган аз кирешелүү чакан ишкерлик менен алектенген аялдар туруктуу жана расмий бизнеске ээ болуусу зарыл.

Долбоор өз ишин 2014-жылдын январынан баштап өзүнүн потенциалдуу бенефициарларын сурамжылоо жүргүзгөн:

-сурамжылоо жүргүзүлгөн аялдардын 67% -бул 35-жашатан 55 жашка чейинки аялдар;

-алардын көпчүлүк бөлүгүнүн 3-төн 5 ке чейин балдары бар экендигин көрсөткөн ;

- 70% -никеси расмий түрдө катталган;

-сурамжылоо жүргүзүлгөн аялдардын 30% жогорку, 28% атайын орто билимдүү;

-көпчүлүк бөлүгү ортодон жогорку деңгээлде жашай тургандыгын билдирген;

Иш чөйрөсү боюнча:

-соода менен иштегендер 22,9%;

-айыл чарбасында 24,9%

-тейлөө кызматын көрсөтүүдө 16,3%

-коомдук тамактануу жайларында 8.2%

-тигүү өндүрүшүндө жана трикотаж буюмдарын чыгаруу менен 6,2%

Иликтөөлөр көрсөткөндөй аял ишкерлердин өнүгүүсү үчүн төмөнкүлөр зарыл:

-кыймылсыз мүлк түрүндө күрөөнү талап кылбаган финансылык кызмат көрсөтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

-лизингдик операцияларды өнүктүрүү үчүн шарт түзүү;

- КР ишкерлеринин суроо-талаптарына ээ болгон жабдууларды өндүрүүчүлөргө дем берүү, өлкөнүн аймагында сервис-борборлорду түзүү;

-насыялардын пайыздык үстөгүн төмөндөтүү үчүн шарт түзүү;

-ишкердик иш жүргүзүүчү айрым чөйрөлөрдү дотациялоо;

Долбоордун жыйынтыктары :

-долбоорду ишке ашырууда төмөнкүдөй иштер аткарылды:

-А компоненти боюнча. Маалыматтык –түшүндүрүү жана потенциалын жогорулатуу боюнча”

-келишимдин аткаруучусу Борбордук Азия Университети аркылуу Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Жалал-Абад облустары боюнча 287 ишкер аял финансылык сабаттуулук, бизнес-план, жана лидерлик боюнча үч күндүк окуудан өтүштү.

-Нарын, Ош, Талас, жана Ысык-Көл облустарындагы Бай-Тушум, Айыл Банк жана ПМКК 68 адиси окуудан өттү.

Бардык окуулар жергиликтүү ЖМК , борбордук интернет сервистерде, Экономика министрлигинин сайтында, чагылдырылып турду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу