МСК на товарларды өткөрүү жөнүндө алдын ала билдирүү берүүнү киргизүү механизми бизнес үчүн татаал, бирок негиздүү болучу

Новости
03-Март 2016-ж.
1979

Бул жөнүндө, бүгүн КР Экономика министрлигинин Бажы саясаты жана тарифтик эмес жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Таалайбек Бекташев КР КРӨ караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары менен КРӨнүн 2016-жылдын 27-январындагы №38 Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода алкагында ишкердикти ишке ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы жөнүндө алдын ала кабарландыруунун тартиби” токтом долбоорун токтото туруу жөнүндө түшүндүрмө берген пресс-конференециянын жүрүшүндө билдирди.

Тактап айтканда Өкмөттүн Евразия экономикалык бирлигинин товарларын Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу алып өтүүнү эсепке алуу механизмин оптималдаштыруу боюнча чечимдери боюнча.

Бекташев белгилегендей, КР ЕАЭБ кирүүсү менен кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы чек ара көзөмөлү алынып салынган . ЕАЭБ нин эл керектөөчү товарлары, анын ичинде Казакстандын товарлары тоскоолдуксуз ташылып келе баштады.

Ушундан улам, талондордун негизинде ташылып өтүп жаткан товарларды башкарууну колдонууга карабастан, Казакстан Республикасынан импорттолуп келген товарлардын көпчүлүк көлөмү декларацияланбаганын байкоого болот. Ушуга байланыштуу, рынокто мыйзамдуу жол менен иш алып барган ишкерлер, салык төлөөдөн качкан жана Салык органдарында каттоодон өтпөгөн абийирсиз ишкерлерге атаандаштык түзө алышпай жатышат.

Мисалы, КРӨ караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 2015-жылдын августунан 2016-жылдын январына чейинки маалыматы боюнча оперативдик-рейддик иш-чаралардын жүрүшү боюнча КР аймагында КММ жүгүртүүнүн 41 мыйзамсыз фактысы катталган, КММ бардык көлөмү 1256206 литрди түзгөн.

Ошондой эле КРӨ караштуу МСК маалыматына ылайык, ишкерлер ундун баасын 3-сомдон, кумшекердин баасын-1-сомдон деп көрсөтүшкөн, ошол эле учурда бул продукциялардын базардагы баасы алда канча бийик тура тургандыгы белгилүү.

Мындан тышкары, тиешелүү документтери жок, же салмагын азайтып же көлөмүн азайтып көрсөткөн фактылар бар.

Бул тенденция расмий импорттун кыскаруусуна алып келип, бюджетке келип түшкөн салыкты кыскартууда.

Казакстан Республикасы 2016-жылдын 11-январынан тарта ДСУ на мүчө болуунун алкагында 1347-товардын түрү боюнча ЕАЭБ дин Бирдиктүү тарифинин бажы алымдарына салыштырмалуу төмөн болгон ташып келүүдөгү бажы алымдарын колдоно баштайт( мындан ары этап менен 2020-жылга чейин 4000 позицияга жетет).

Ушундай жол менен Казакстан Республикасынан ташылып келип жаткан ББТ деги алып салууларга кирүүчү, декларацияланбаган товарларды ташуу көбөйүүдө.

Ушуга байланыштуу, импорттолуучу товарларды башкарууну жана статистикалык контролдоону жакшыртуу максатында, чек арада тиешелүү документтерди толтурууда убакытты кыскартуу, ички рынокту сактоо жана Казакстан Республикасында ДСУ нун алкагындагы алып салуулардын тизмесине кирген товарлардын КР аймагына кирип кетүүнүн алдын алуу менен товарларды көзөмөлдөө максатында, ошондой эле ташылып жаткан товарлар жөнүндө ыкчам маалымат алуу үчүн 2016-жылдын 27-январында №38 Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода алкагында ишкердикти ишке ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы жөнүндө алдын ала кабарландыруунун тартиби” токтом долбоору кабыл алынган.

Алдын ала кабарландыруу тартиби төмөнкүдөй негизги механизмдерди камтыйт:

- Ишкердик ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товар ташып өтүүгө ниеттенген салык төлөөчү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара соода жүргүзүүдө товарлардын өткөрүлө тургандыгы жөнүндө салык органына алдын ала кабарлоонун жол-жобосун жүзөгө ашырууга тийиш.

Алдын ала кабарлоонун жол-жобосу товарды алып өтө турган датага чейин 30 күндүн ичинде ишке ашырылат.

- Кабарлама салык төлөөчү тарабынан үч нускада толтурулат жана салыктык катталган орду боюнча салык органына тапшырылат.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде колдонулган Бирдиктүү бажы тарифине салыштырганда бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн өлчөмдөрү каралган Казакстан Республикасынан товарларды ташып келүүдө салык органына берилген кабарламага товарларды жеткирүүчү менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү жана эсеп-фактуралардын (инвойс) көчүрмөлөрү тиркелет

Андыктан, эсеп-фактурасында көрсөтүлгөн маалыматтар Бирдиктүү бажы тарифине салыштырмалуу бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн өлчөмдөрүн колдонууну караган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тийиштүү органдарынан алынган маалыматтар менен дал келиши керек.

Салык органы кабарламаны карап чыгат жана салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу бар экендигин, иштин буга чейинки мезгили үчүн салыктык отчётту берүү фактысын, үч нускадагы маалыматтардын бирдейлигин текшерет жана бир иш күндөн кечиктирбей жазуулардын катар номерин жана датасын көрсөтүү менен жооптуу кызмат адамынын кол тамгасын жана штамп коюу түрүндө белги коёт.

Салык органына берилген кабарламада көрсөтүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүдө ушул Тартиптин талаптарына ылайык ташуучу (алуучу, товардын менчик ээси) мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкерине жана ыйгарым укуктуу уюмдардын жооптуу адамдарына кабарламанын экинчи жана үчүнчү нускасын көрсөтөт.

Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызмат адамы жана ыйгарым укуктуу уюмдардын жооптуу адамдары транспорт каражатын, товарларды (таңгактарды ачпастан жана аларды транспорт каражаттарынан түшүрбөстөн) кабарламада көрсөтүлгөн товарлардын дал келүүсүн тактоо максатында кароолорду жүргүзүшөт жана мамлекеттик чек ара аркылуу товардын өтүшү жөнүндө датаны жана өткөрүү пунктунун аталышын же ыйгарым укуктуу уюмду көрсөтүү менен кабарламанын экинчи жана үчүнчү нускаларына штамп коюшат. Мында кабарламанын экинчи нускасы мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызмат адамында жана ыйгарым укуктуу уюмдардын жооптуу адамдарында калат, үчүнчү нускасы салык төлөөчүгө тапшырылат

Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкери кабарламаларды эсепке алуу журналына жазат. Кабарлама жоголгон (бузулган) учурда салык төлөөчү кабарламанын дубликатын алуу үчүн салык органына кайрылууга укуктуу. Кабарламанын дубликатын берүү эки иш күндүн ичинде салык органы тарабынын ишке ашырылат

Ошондой эле бул токтом менен жеке жактардын жеке пайдалануу үчүн алып өтүүчү товарлардын Тизмеси бекитилген, ага ылайык, чек ара кызматынын кызматкери жеке жактар тарабынан алынып өтүп жаткан товарларды тышкы экономикалык иштердин товардык номенклатурасындагы коддор боюнча текшерүүгө алат. Ошону менен бирге жеке пайдалануу үчүн товарлар катары алынып өтүп жаткан товардын саны тизмеде көрсөтүлгөн сандан ашпайт , жана товарларды ушундай эле санда алып өтүү айына бир жолу жүргүзүлөт.

Бул Тизмеге ЕАЭБ ББТ деги алымдардын ставкаларына салыштырмалуу төмөн алып келүүдөгү бажы алымдарынын ставкасы колдонулган алып салууларга кирүүчү товарлар киргизилген.

Өкмөттүн бул чечими жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода алкагында ишкердикти ишке ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы жөнүндө алдын ала кабарландыруунун тартиби 2016-жылдын 10-мартынан тарта күчүнө кирүүсү каралган.

Ошону менен бирге, бул токтом расмий жарыялангандан кийин ишкерлер тарабынан ЕАЭБ дин алкагындагы товарларларды ташып өтүүдө алдын ала билдирме берүүнү киргизүү процедурасын жеңилдетүүнү жана жеке пайдалануу үчүн алынып өтүүчү товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшкөн.

Ушуга байланыштуу 2016-жылдын 2-мартында Премьер-министр Т.Сариевдин төрагалыгы астында жогоруда келтирилген токтомду талкуулоо боюнча кеңешме болуп өтүп, анын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

-Ушул токтомдун күчүнө кирүү маселесин кайра карап чыгуу;

- Алдын-ала билдирме берүү Тартибин кайра карап чыгуу ;

- Жеке пайдалануу үчүн алынып өтүүчү товарлардын Тизмесин кайра карап чыгуу

Жогоруда келтирилгендердин негизинде, жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттери менен соода жүргүзүү алкагында мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү товарларды эсепке алуунун оптималдуу механизмин иштеп чыкканга чейин, Өкмөттүн 2016-жыл 3-марттагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу