Өкмөт соода-логистикалык борборлорду түзүү үчүн ресурстарды тартууга кызыкдар

Новости
03-Март 2016-ж.
1816

2016-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин демилгеси менен Түрк Элчилигинин соода өкүлү Чагатай озден менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР да соода –логистикалык борборлорду куруу тармагы боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө талкуу жүрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча түрк тарабы соода –логистикалык комплекстерин уюштурууга түрк бизнесинин катышуу мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгуу сунушун колдоду

КР Экономика министрлигинин Бажы саясаты жана тарифтик эмес жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Таалайбек Бекташев белгилегендей, соода логистикасын жана бажы инфраструктурасын оптималдаштыруу ата-мекендик товарларды тышкы рынокко чыгаруунун ажырагыс бир бөлүгү катары каралуусу керек. Ушуга байланыштуу, Өкмөт мындай борборлорду ачуу үчүн ресурстарды тартууга бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу