Табигый монополиялар чөйрөсүндө инвестицияларды өздөштүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө

Новости
02-Март 2016-ж.
1884

Экономика министрлиги КРӨ нүн Аппаратынын кароосуна Өкмөттүн 2013-жылдын 5-апрелинде бекитилген табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларды (жумуш, кызмат көрсөтүү) сатып алуу Тартибине толуктоолорду киргизүү боюнча токтом долбоорун киргизди.

Долбоордо ”Табигый монополиялар жөнүндө” Мыйзамдын 21-беренесинин негизинде, белгиленген мыйзамдык тартипте күчүнө кирүүчү, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди аткарууну ишке ашыруу менен иштеген табигый монополиялардын субъекттерине сатып алуу тартиби таркатылбай тургандыгы каралат.

КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы жаратылыш газын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндөгү Макулдашууда Газпром” Ачык акционердик коомунун КР газ инфраструктурасын оңдоп түзөтүүгө жана модернизациялоого, инвестициялоого киргизген салымы 5-жыл аралыгында 20 млрд.сомдон аз эмес сумманы түзөөрү каралган. Анын ичинде КР 2030жылга чейин газ менен камсыз кылуу жана газдаштыруунун Башкы схемасы боюнча инвестициянын көлөмү 45 млрд.сом өлчөмүндө бекитилген.

Бүгүнкү оңдоп –түзөтүүлөрдүн тартиби Газпром” ААК өндүрүштүк программасынын мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратып ишке ашырылуусуна кыйынчылык жаратат, анткени татаал технологиялык иштин түрүн аткаруунун зарылчылыгы менен байланышкан сатып алуу ишинин өзгөчөлүгү эсепке алынган эмес(жогорку басымдагы магистралдык газ түтүктөрүн оңдоп түзөтүү жана куруу, компрессордук жана газ бөлүштүрүү станцияларын оңдоп түзөтүү, трубаларга ички диагноз жүргүзүү, газ түтүктөрүн коррозиялык изилдөө ж.б) жана газ тармагында колдонулуучу атайын заводдордо даярдалуучу жабдууларды, техниканы жана материалдык-техникалык ресурстарды сатып алуу каралган эмес.

Татаал технологиялык иштерди жүргүзүүдөгү жогорку коопсуздук деңгээлин камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасында жогорку басымдагы газ түтүктөрүн курууга адистешкен квалификациялуу компаниялардын жоктугу, иштин бул түрүнө атайын жабдуулар менен техниканы ташып келүү үчүн россиялык компанияларды тартуу зарылчылыгын жаратат.

Жогоруда көрсөтүлгөн Тартипке ылайык, табигый монополиялардын субъекттери сатып алууларды тендер боюнча сатып алуусу керек, бул табигый монополиялардын айрым субъекттеринде инвестициялык программанын өз убагында ишке ашуусуна тоскоол болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу