Экономика министрлиги билим берүү кызматын мамлекеттик жөнгө салууну алып салууну сунуш кылды

Новости
02-Март 2016-ж.
1960

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын кароосуна Экономика министрлиги КРӨ айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Өкмөттүн токтом долбоорун кароого киргизди.

Токтом билим берүү кызматындагы акы төлөнүүчү тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууну алып салууну карайт, бул мамлекеттик билим берүү секторунда атаандаштыктын өсүүсүнө алып келет.

Бүгүнкү күндө билим берүү кызматынын рыногуна байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында көрүнгөндөй, бул чөйрө мамлекеттин тарифтерди жөнгө салуудагы кийлигишүүсүнүн зарылчылыгы жоктугуна байланыштуу, атаандаштуу болуп эсептелет, мындан тышкары, бул тажрыйба атаандаштык чөйрөсүндө натыйжалуу эмес жана билим берүү секторун өнүктүрүү процессинин ишинин алдыга жылуусуна тоскоол болот.

Мындан тышкары менчик ЖОЖ до билим берүү баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт, ошону менен мамлекеттик ЖОЖ менен бирге бирдей атаандаштык шартында иштешет.

Монополияга каршы органда кызмат көрсөтүүдөн пайдаланган керектөөчүлөрдөн даттануулар келип түшкөндө тарифтердин негиздүүлүгүн текшерүү укугу калды.

Долбоор КРӨ Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр Программасынын 2.8 пунктун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана монополияга каршы мыйзамдардын бир элементин Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдары менен шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу