Элет жергесинде жашаган айым-ишкерлер өз бизнестерин туруктуу өнүктүрө алышат

Новости
02-Март 2016-ж.
2035

2016-жылдын 4-мартында («ХаяттРидженси»)саат 9.30 да «Кыргыз Республикасында аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» темасында конференция болуп өттү. Конференциянын уюштуруусу Экономика министрлиги эсептелет жана бул иш чара Азия өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгү аркылуу бөлүнгөн жакырчылыкты жоюу боюнча Япон грантынан каржылануучу «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Конференциянын жүрүшүндө экономика министри А.Кожошев аялдардын ишкерлигин өнүктүрүүдө булл уюмдун кадыр-баркын жогорулатуу максатында,грант түрүндө жабдуу алуу үчүн өнөктөш бизнес-ассоциациаларга сертификаттарды тапшырды. Долбоордун активдүү катышуучуларына ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Конференциянын катышуучулары аялдардын экономикалык дараметин өнүктүрүү маселелерин, каржылоого жана жаңы каржылык кызмат көрсөтүүгө жетишүүнү жакшыртуу боюнча талкуулашат.

Экономика министрлигин өкүлдөрү ишкерликти өнүктүрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө, анын ичинде фискалдык саясат, административдик тоскоолдуктарды кыскартуу, мамлекет тарабынан контролдук-көзөмөлдөө ишин реформалоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кенен токтолушту.

Конференциянын жүрүшүндө долбоордун ар бир компоненти жөнүндө маалымат берилет: маалыматтык-түшүндүрүү компаниясы жана потенциалды жогорулатуу; Институционалдык өнүгүү; Сынамык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

Аялдардын ишкерлиги боюнча долбоор КР нын айыл жергесиндеги жана чакан шаарлардагы аялдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган .

Бардыгы болуп республика боюнча Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй, жана Жалал-Абад облустары боюнча 14-окутуу жүргүзүлдү. 287-ишкер аял финансылык сабатын жоюп, бизнести пландаштырууну, коммуникативдик жана лидерлик касиеттерин жогорулатуу боюнча билимдерин өркүндөтүштү.80-ишкер аял насыя алышты. Насыяларды пайдалануунун натыйжасында аялдардын жылдык кирешеси 18% жогорулады. Үй-бүлө мүчөлөрү болуп эсептелбеген жумушчу орундар 2,6 түзүп 0,3 адамга көбөйдү, 15тен 32% чейин таза кирешени ишкер-аялдар өз бизнестерин кеңейтүүгө жумшашты.

Өнөктөш финансылык уюмдардын адистери үчүн Нарын, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустары боюнча окутуу жүргүзүлдү. «Бай-Тушум», «Айыл Банк» жана Биринчи микрокредиттик компаниялардын 68-адиси окуудан өттү. Долбоордун эксперттери өнөктөш финансылык уюмдардын ишин жакшыртуу үчүн көмөк көрсөтүшүүдө.

Долбоордун жыйынтыгы боюнча, айыл жергесинде жана кичи шаарларда жашаган аз кирешелүү кичи ишкерликти аркалаган аялдар өз бизнестерин туруктуу өнүктүрө алышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу