Таш-Көмүр Нефтини кайра иштетүүчү заводу каржылоонун жаңы булактарына муктаж

Новости
01-Март 2016-ж.
2194

Бул жөнүндө 2016-жылдын 28-февралында экономика министринин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында«SvRichLTD” ЖЧК директору Дмитрий Щербаков менен менен №2 промзонада жолугушуунун жүрүшүндө белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Кожошев ишкананын учурдагы абалы менен таанышты. Тактап айтканда, өндүрүмдүүлүгү, чыгарып жаткан продукция жөнүндө, көрсөткүчтөрү жана сырьену сатып алуу жөнүндө таанышты.

«SvRichLTD” ЖЧК чакан нефти иштетүүчү заводунун курулушу жабдууларды орнотуу жана монтаждык иштери 2013-жылдан тарта 2015-жылга чейин ишке ашырылып келди.

2015-жылдын 1-июлунан тарта чакан нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушун мамлекеттик кабыл алуу, КРӨ нүн Таш-Көмүр шаары боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын аймактык башкармалыгынын ”объектти эксплуатациялоого кабыл алуу жөнүндө” актыга ылайык жүргүзүлгөн.

Экинчи жарым жылдыктан баштап, нефтини кайра иштетүү боюнча жабдууларды ишке киргизүү иштери жүргүзүлүп, РВС 2000 резервуарлары жана өрт өчүрүүчү жабдуулары монтаждалды. Бардык иштердин бүтүшү жана НКЗ нын ишке кирүүсү 2016-жылдын 1-2-кварталына туш келет.

2015-жылдын 4-кварталынан баштап бүгүнкү күнгө чейин мезгил мезгили менен продукциянын талап кылынган сапатта жана көлөмдө, зарыл болгон режимде чыгаруу үчүн, тажрыйба үчүн алынып келинген партияларды иштетүү менен жабдууларды сыноо жүргүзүлүп турат.

Ошондой эле «SvRichLTD” ЖЧК нын кредиттик линиясы болгондугуна карабастан, «РосИнБанк» ААК тарабынан каржылоонун жоктугунан (насыялоо КРУБ тарабынан тыюу салынганга байланыштуу токтотулган) зарыл болгон сырье сатылып алына элек.

Бүгүнкү күндө 500 тоннадан ашык эмес гана сырье бар, ал жабдууну кое берүүнү гана араң камсыздай алат. 2016-жылга айына 500 тонна кайра иштетүү пландаштырылган, жалпысынан 2016-жыл үчүн 6000 тонна кайра иштетүү каралган. Учурда завод каржылоонун жана насыялоонун жаңы булактарын издөөдө

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу