Министр А. Кожошев “Майлуу-Суу лампа заводу” ЖЧК жетекчилиги менен жолугушууда жандандыруу маселесин талкуулады.

Новости
01-Март 2016-ж.
1950

2016-жылдын 28-февралында жумушчу сапар менен экономика министри А. Кожошев Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп, Майлуу-Суу лампа заводу” ЖЧКда болду.

Коомдун өндүрүш-чарбалык иштери менен таанышуунун жүрүшүндө, заводдун жетекчилиги менен жолугушуу учурунда МС ЛЗ” ЖЧК нун учурдагы маселелери көйгөйлөрү талкууланды.

МС ЛЗ” ЖЧК сы 10-жылдан ашык мөөнөт ичинде Азербайжан компанияларын, жеке ишкерлерди жалпы багыттагы чыңалуу лампалары менен камсыз кылуучу лампа чыгаруучу негизги завод болуп эсептелет. МС ЛЗ” ЖЧК сынын продукциялары артыкчылыктуу сапаты менен жана көпчүлүктүн суроо-талабына ээ продукция болуп саналат.

Азербайжан манатынын кунунун түшүүсү кескин түшүүсү менен 2015-жылдын февралынан тарта

МС ЛЗ” ЖЧК сынын экспорттоочу продукциясынын саны кескин түрдө кыскарды. Азербайжандык өнөктөштөр сатуу валютасы доллар болгондуктан, электр лампаларын сатып алуу маселесине кабылышты.

АР Өкмөтүнүн АР ташылып келүүчү товарлар боюнча бажы алымдарынын импорттук ставкалары жөнүндө” 2003-жылдын 22-декабрындагы токтому менен бекитилген, Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жыл 12-апрелдеги токтомунун редакцияланган тиркемесине ылайык, КР импорттолуучу электр лампаларынан мамлекет тарабынан 15% өлчөмдөгү мамлекеттик алым алынат.

Ушуга байланыштуу, МС ЛЗ” ЖЧК нун продукциясы РФ чыгарылган электр лампаларына салыштырмалуу баалары боюнча атаандаштык жөндөмүн жоготууда , анткени Россиядан Азербайжанга импорттолуучу товарлардан бажы алымдары алынбайт-деп жолугушуунун жүрүшүндө билдиришти.

АР на электр лампаларын экспорттоо динамикасы (коды ТНВЭД: 8539229000, 8539299200, 8539299800, 8539299300, 8516299900) 2011-жылы:

-2011-жыл үчүн 5.6 млн.даана 41,6 млн.сом суммасына же жалпы чыгарылгандан 3.3 %;

- 2012-жыл 13.7 млн. даана 104.8 млн.сом же жалпы чыгарылгандын 8%;

- 2013-жыл 12,9 млн.даана 107 млн.сом же жалпы чыгарылгандын 6,8%

-2014-жыл 17,4 млн.даана 152,9 млн.сомго же жалпы чыгар 10,1%

-2015-жыл 15,8 млн.даана 123.7 млн.сомго же жалпы чыгарылгандан 8,9% ;

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу