Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кениндеги жер байлыктарын пайдалануу укугуна сынак жарыяланды

Новости
01-Март 2016-ж.
1902

Өкмөт 2016-жылдын 1-мартынан Кара-Кече жана Миң-Куш(Ак-Улак) көмүр кенинде жер байлыктарын комплекстүү иштетүү үчүн пайдалануу укугуна сынак жарыялады.

Сынак Кыргыз Республикасынын Концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө” , Инвестициялар жөнүндө”, Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 10 жана 17 беренелерине,Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин комплекстүү иштетүү максатында конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

Сынак комиссиясы тарабынан сынакка катышуу үчүн 15 000 000 (он беш миллион сом ) өлчөмүндө төлөм жүргүзүлөт. Ошондой эле катышуу үчүн коюла турган шарттын дагы бири геологиялык кыскача маалыматтар пакетине 2 300 000(эки милиион үч жүз миң) сом өлчөмүндөгү төлөм болуп эсептелет. Мындан тышкары катышуучулар 76 000 000 (жетимиш алты миллион сом) өлчөмүндө кепилдик взносун төлөөгө тийиш.

Конкурска катышууну каалаган тараптар документтерин сынак расмий жарыялангандан 45-календарлык күндөн кеч эмес б.а 2016-жылдын 15-апрелине чейин тапшыруусу тийиш.

Катышууга талап кылынуучу документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинде :Бишкек шаары, Эркиндик пр 2 №219- кабинетте кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн кеп-кеңештерди +996 312) 909868 номуру боюнча же geoinvestkg@gmail.com электрондук почтасы аркылуу алууга болот.

Документтердин толук пакети менен жана сынактын шарты менен http://geology.kg/index.php/konkursy/287-karakeche Сайтында таанышууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу