ЕАЭБ техникалык регламенттеринин ISO 9001, ISO 22000 и НАССР стандарттары түшүндүрүлүп берилди

Новости
23-Февраль 2016-ж.
1917

2016-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, «Рост ФМ» компаниясынын өкүлү М.Дубовикова менен биргеликте сертификаттоо, стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик жана жеке органдардын , бизнес-ассоциациялардын, жеңил өнөр-жай, тамак-аш өндүрүшү жана алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөрдүн катышуусунда Стандарттар жана менеджмент системасы(ISO 9001, 22000, НАССР)жана Евразия экономикалык бирлигинин Техникалык регламенттери ” деген темада тренииг-семинар өткөрдү.

Бул семинардын максаты болуп, ISO 9001, ISO 22000 и НАССР стандарттарын иштеп чыгуу, ишке киргизүүнү түшүнүүгө жардам берүү болуп эсептелет.

Ошондой эле семинардын жүрүшүндө 2016-жылдын 12-февралынан баштап киргизиле турган ЕАЭБ 12 техникалык регламенти боюнча , ошондой эле ЕАЭБ дин мүчө-мамлекеттерине экспорттоо үчүн өндүрүлгөн продукцияны сертификаттоо жол-жоболору боюнча кызыктырган суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк болду.

Министрлик мындан ары ушундай семинарларды республиканын түштүк аймактарына стандартташтыруу, сертификаттоо жана метрология жаатындагы эксперттерди тартуу менен өткөрүүнү пландаштырууда

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу