“Кыргызстан” соода-көргөзмө борборун өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүү укугуна ээ компанияны тандоо боюнча сынак жөнүндө

Новости
21-Февраль 2016-ж.
1968

Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу Тышкы соода чөйрөсүндөгү Бирдиктүү терезе” борбору” Мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын Москва шаарындагы Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн аймагындагы соода-көргөзмө борборунун мындан аркы иштөөсүнө тиешелүү төмөнкү маалыматтарды берет.

Учурда Москва шаарынын Өкмөтү жана КР Экономика министрлигинин ортосунда келишимдик милдеттенмелерге тиешелүү келишимдерге кол коюу боюнча жол-жоболоштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бардык укуктук жол-жоболор аягына чыгарылгандан кийин Кыргызстан” СКБ өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүү укугуна ээ болуучу компанияны тандоо боюнча ачык сынак жарыялоо пландаштырылууда.

Конкурска катышууга тандоо критерийлерине жооп берген бардык кызыктар компаниялар чакырылат. Компанияларды тандоонун базалык критерийлери болуп:

- Кыргызстан” СКБ бекитилген Концепциясына ылайык жана орус тарабынын талаптарына ылайык павильондун иштөөсүн ишке ашырууга даярдык%;

- Россия Федерациясынын мыйзамдарына жана Кыргызстан” СКБ өнүктүрүү Концепциясына ылайык оңдоп- түзөтүү иштерин жүргүзүүгө даярдыгы;

- РФ аймагында иш жүргүзүүгө даярдыгы жана РФ мыйзамдарына ылайык павильондун иштөөсү үчүн тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзүү;

- рынокто 3-жылдан аз эмес иш тажрыйбасы.

- маалыматтык иш борборлорун жана кеңеш берүү борборлорун иштетүү уюштуруу, ошондой эле көргөзмө стенддерин экспозицияларды түзүү боюнча тажрыйбасы;

- Концепциянын алкагында объектти жасалгалоодо инновациялык сунуштар

Ошондой эле уставдык капиталдын өлчөмү жана финансылык туруктуулук абалы да эске алынат. Катышуучунун КР милдеттүү төлөмдөрү жана салык төлөө боюнча милдеттенмелери аткарылган болуусу тийиш. Катышуучу төлөө мүмкүнчүлүгү жок, кудуретсиз же алардын мүлкү соттун кароосунда болушу мүмкүн эмес.

Мындан тышкары сунуштоо, каттар же конкурстун катышуучусуна берилген башка документтерге(социалдык жактан маанилүү иштери үчүн, ыраазычылык, сыйлыктар) көңүл бурулат.

Кызыкдар тараптар Концепция менен таанышса болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу