КР Экономика министри кыргызстандыктарды Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады

Новости
21-Февраль 2016-ж.
2023

Майрам алдында Экономика министрлигинин Чоң залында, министр А. Кожошев коллективдин мырзаларын Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады. Совет мезгилинде бул майрамга өзгөчө маани берилип келгендигин, бул күн Советтик Армиянын жана Аскер –Деңиз флотунун күнү катары майрамдалып келгендигине токтоло кетти.

Бүгүнкү күндө бул майрам-Мекен коргоочуларынын майрамы деп майрамдалууда, бирок бул аскер адамдарынын гана майрамы эмес, бул майрам Улуу Ата-Мекендик согушта коргогон, бизди бүгүнкү күндө коргоп турган , армиянын катарында кызмат кылган жана мекенди коргоого дайым даяр турган биздин министрликте кызмат кылган мырзалардын, жалпысынан бул майрам өз мекенин, үй-бүлөсүн коргоого даяр жалпы мырзалардын майрамы. Бул майрам бардык кыйынчылыктардан аялзатын коргоочу чыныгы мырзалардын, эркектердин майрамы.

Мекенди коргоо-өлкөнүн ар бир жаранынын ыйык милдети. Министрликтин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан аскер адамдарын, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин, бардык кыргызстандыктарды Мекен коргоочулардын күнү-эрдиктин, ар- намыстын күнү менен терең урматтоо менен куттуктайм!

Бекем ден-соолук жана ийгиликтерди каалайм!

Министр А. Кожошев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу