Республиканын Түндүк аймагы боюнча КММ бааларынын төмөндөшү боюнча маалымат

Новости
21-Февраль 2016-ж.
1980

КР Экономика министрлигинин Түндүк аймак аралык башкармалыгынын жүргүзгөн талдоосунун жыйынтыгында нефти продуктыларына болгон баалардын динамикасы Россияда болуп жаткан факторлордон көз каранды.

Росстаттын маалыматына таянсак Россияда автомобиль бензинине болгон керектөө баасы 2015-жылдын 7-декабрынан 13-декабрына чейин өткөн отчеттук мезгилдин деңгээлине салыштырмалуу 0,3% катышка төмөндөдү. 14-декабрга карата жалпы Россия боюнча бензинге болгон орточо керектөө баасы 35,09 сомду түздү.

Кыргыз Республикасы КММ Россия Федерациясынан импорттогонуна байланыштуу , декабрда нефти продуктылары төмөн баада сатылып алынды. 2015-жылдын 3-декабрынан тарта бензин жана дизел майынын баасы дифференциялык түрдө төмөндөй баштады.

Газпром Нефть Азия” ЖЧК 1 литрдин баасы (сом)

03.12.2015 ж карай . 1 литрдин баасы (сом)

18.02.2016 ж карай. Айырма (сом) Өсүү темпи

в %

бензин Аи- 92 41 33,5 - 7,5 81,7%

бензин Аи- 80 34,5 31 - 3,5 89,9%

Дизель майы 36,5 32 - 4,5 87,7%

Мындай абал февралдын акырына чейин сакталуусу мүмкүн (декабрда сатылып алынгандар түгөнгөнгө чейин).

Россияда нефти продуктысына болгон баа 2016-жылдын 1-январынан баштап Евро-5 маркасына 36.1% же литрине 2-рублга көтөрүлө баштаганы байкалды.

Дизел майына болгон акциздин өсүүсү 20,3 % түздү. Ошондой эле 1-апрелден тарта бензинге болгон акциздик баа дагы жогорулап бензинге баа 2-рублга жана дизел майына болгон баа 1-рублга жогорулашы күтүлүүдө. Россияда акциздик баа экинчи жолу жогорулатыла турган болсо баалар дагы көтөрүлүүсү мүмкүн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу