Бишкекте бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик структуралардын Коррупцияга каршы аракеттенүү форумунун 3-жыйыны болуп өтөт

Новости
21-Февраль 2016-ж.
1871

2016-жылдын 25-февралында саат 10.00 12:30 га чейин Хаят Ридженс Бишкектин шайыр залында бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик структуралардын Коррупцияга каршы аракеттенүү форумунун 3-жыйыны болуп өтөт.

Бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик структуралардын Коррупцияга каршы аракеттенүү форуму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бизнес-коомчулуктун коррупцияга каршы аракеттенүү иш-чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча Мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы биргеликте иш алып барууну координациялоо боюнча диалогдук аянтча катары өтүүдө.

Төмөнкүлөр чыгып сүйлөөсү күтүлүүдө:

-КР экономика министри жана анын орун басарлары,

-Бизнес-Ассоциациянын Улуттук Альянсынын Катчылыгынын жетекчилери,

-Соода-өнөр-жай палатасынын президенти жана вице-президенти,

- КР Өкмөт Аппаратынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча бөлүм башчысы,

-Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун өкүлдөрү(GIZ)

- TransparencyInternational КР Өкүлдөрү,

- KLOOP.kg өкүлдөрү,

- ЖИА, ТПП,”Биз Эксперт” Аналитикалык борборунун өкүлдөрү,

- мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуулар,

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу