Статс-катчы А.Курманова Стамбулда өткөн ЕБРР Президенти менен болгон жолугушууда кызматташуунун багыттарын талкуулады

Новости
18-Февраль 2016-ж.
2001

КР Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова 2016-жылдын 18-февралында Стамбул шаарында болуп өткөн Инвестициялык форумга катышты.

Форум Европа Өнүктүрүү жана Реконстукция Банкы Financial Times менен биргеликте уюштурулду. Бул форумдун максаты аймактардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, Борбордук-Азия аймагында бүгүнкү күндө инвесторлорду тартууда туш болуп жаткан маселелер жөнүндө талкуу болуп өттү.

Бул иш чара ЕБРР Президенти Сума Чакрабартинин төрагалыгы астында өтүп, анын катышуучулары болуп Түркиянын Вице-премьер-министри, Европа Өнүктүрүү Банкынын башкаруучулары-Казакстандын, Монголиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын экономика жана финансы министрлери, ошондой эле Кытай, Европа Биримдиги, Түркиянын , Перс булуңунун инвесторлорунун кеңири катышуусунда өттү.

Статс-катчы А.Курманова КР инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентация менен чыгып сүйлөп, инвестициялык климатты жакшыртууга жүргүзүлүп жаткан реформалар, жеке секторду колдоо үчүн иш-чаралардын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Форумдун алкагында А.Курманова менен ЕБРР Президенти Сума Чакрабартинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү, анда глобалдык жана аймактык макроэкономикалык кырдаал, кыргыз банктарынын жана микрофинансылык уюмдардын улуттук валютада кредиттөөнүн көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле КР менен ЕБРР мындан аркы кызматташуусу жөнүндө талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу