Экономика министрлиги: Жеткирүүчүлөр ассоциациасынын жетекчисинин билдирүүсү чыныгы кырдаалды чагылдырбайт

Новости
18-Февраль 2016-ж.
1941

Жеткирүүчүлөр ассоциациасынын жетекчиси Г.Ускенбаеванын маалымат каражаттарына(URL: http://24.kg/ekonomika/27917/ билдирген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы №550 токтому менен ЕАЭБ мамлекеттери менен соода кылуудагы экспорт жана импорттоодо тастыктоочу документтердин тизмеси бекитилген.

Бул документтер бардык бүтүмдөрдү ишке ашырууда тариздөөдө зарыл болгон бухгалтердик документтер: келишимдер, коштомо-кагаздар, эсеп-фактуралар, төлөө документтери, жүктү кабыл алуу-өткөрүү документтери, жүк коштоочу документтер ж.б.

Ошондой эле тастыктоочу документ болуп айрым учурларда товарды айрым бажылык жол-жоболоштурууга жайгаштырууда таризделүүчү бажылык декларация да колдонулат.

Мурда бул документтердин баары бажылык контрол учурунда импортер-экспортер тарабынан көрсөтүлүүчү, бүгүн да үчүнчү өлкөдөн товар ташып келүүдө көрсөтүлөт. Азыр алар салык инспектору тарабынан КНС боюнча ордун толтуруп берүү же кайтарып берүү арызы берилген учурда гана каралат. ЕАЭБ түзүлгөнгө чейин бул документтер бажы кызматына ЖБД тариздөөдө көрсөтүлсө, азыр салык кызматына көрсөтүү үчүн алардын бир бөлүгү товар ташып келүү жөнүндө арызга кошо тиркелет. Эгер салык төлөөчү бул документтерди атайын топтоп” жаткан болсо, демек бул бүтүм жасалма же мурда мындай бүтүмдөр көмүскө ишке ашырылып келген.

Бул жерде салык төлөөчүнү түйшүккө салуучу нерсе- КНС боюнча отчеттон башка, салык кызматына ташып келүү жөнүндө арыз берүү жана кыйыр салыктар жөнүндө тиешелүү отчет берүү. Мурда бул жол-жобону бажылык тариздөө алмаштырчу жана бул тариздөө менен өзүнчө бажы адиси же транспорттук компания алек болчу. Азыр бул жүк бухгалтерлерге өткөрүлүп берилип, бул категориядагы адистердин сынына кабылып отурат. Бул кырдаалды жакынкы аралыкта өзгөртүүгө мүмкүн эмес, анткени бул шарт ЕАЭБ дин бардык катышуучуларына бирдей милдеттендирилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу