Экономика министрлиги учурда «Интергласс» ЖЧК сы боюнча маселелерди чечүү жолун иштеп чыгууда

Новости
17-Февраль 2016-ж.
2058

Бүгүнкү күндө«Интергласс» ЖЧК «Газпром Кыргызстан» ЖЧК на 1 млрд. 155 млн. сом суммасында карызы бар. Заводдун жетекчилигинин маалыматы боюнча ишкана учурдагы төлөмдөрдү төлөө боюнча бардык чараларды көрүүдө.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧК менен «Интергласс» ЖЧК нын өз ара мамилелерин жөнгө салуу маселеси Өкмөт тарабынан өткөн жылдын октябрь айынан бери каралып келе жатат.

Компания «Газпром Кыргызстан» ЖЧК сы менен биргеликте жаратылыш газына болгон карыздарды жоюу боюнча мындан ары карыздары көбөйтүүгө жол бербөө үчүн кыска убакыт ичинде аракеттерди көрүүсү жөнүндө сунуштарды алган.

Ошондой эле «Интергласс» ЖЧК Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна «Газпром Кыргызстан» ЖЧК на болгон карызын жоюу үчүн каржылоо маселеси боюнча арыз менен кайрылган.(КР ЭМ ушул жылдын январь айында КОӨФ на «Интергласс» ЖЧК на өндүрүштүк-каржылык абалын турукташтыруу үчүн көмөктөшүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу суранычы менен кайрылган.

Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги «Интергласс» ЖЧК нын жаратылыш газы үчүн болгон карызы боюнча түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирет. Өз тарабынан бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун жана маселенин чечилүүсү үчүн болгон бардык варианттарды караштырып көрөт” -деп билдирди экономика министринин орун басары Т.Джунушалиев.

Маалымат үчүн :

«Интергласс» ЖЧК 1972-жылы ишке киргизилип, Токмок шаарында жайгашып экономикага таасирин тийгизүүчү жана экспортко багытталган ишкана болуп эсептелет, 33,5 млн.кв.м-кубаттуулуктагы айнек чыгарууга адистештирилген ишкана .

Завод 1570адамды иш орду менен камсыз кылып, Токмок шаарынын социалдык абалына оң таасирин тийгизет. Бул ишкананын токтоп калуусунун олуттуу социалдык-экономикалык кесепеттери болушу мүмкүн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу