Кыргызстандын делегациясы Дубай шаарында өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн глобалдык бизнес-форумунун ишинде катышат

Новости
17-Февраль 2016-ж.
1907

2016-жылдын 17-18-февралында Дубай шаарында КР Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү боюнча агенттиктин директору Алмаз Сазбаков баштаган делегация КМШ өлкөлөрүнүн глобалдык бизнес-форумунун ишинде катышат.

Бул форум Дубайдын Соода-өнөр-жай палатасы тарабынан уюштурулган. Бул демилгенин негизинде алдыңкы саясий лидерлердин жана ири эл аралык корпорациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда экономикалык өнүгүүнү колдоо жана бүткүл дүйнөлүк өнүгүп келе жаткан рыноктор үчүн жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктү издөө үчүн платформа түзүү болуп эсептелет.

Форумдун алкагында Агенттиктин Директору менен Дубайдын ТПП Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар экономика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде, Агенттиктин директору мырза Мажидге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасы үчүн БАЭ маанилүү өнөктөш болуп эсептеле тургандыгын билдире кетти.

Ошондой эле, А. Сазбаков 2016-жыл эки тараптуу кызматташууну бекемдөө үчүн жана аны өнөктөштүктүн жогорку деңгээлине алып чыгуу үчүн маанилүү этап болооруна ишеним артты. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну күчөтүүдө орто жана чакан бизнес өзгөчө мааниге ээ.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүдөгү жогорку потенциалга баа беришти. Өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү жана аларга колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгын белгилешти. Аягында А.Сазбаков бул форумга чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнөн 10 дон ашык өкүлдөрү катышты бул экономикалык кызматташуунун өнүгүүсүнө мисал боло алат-деп , Мажид жана башка Дубай ишкерлерин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу