Брюсселде Кыргыз Республикасы менен ЕС ортосундагы кызматташуу жана өнөктөштүк боюнча негизги аспекттер талкууланды

Новости
17-Февраль 2016-ж.
1882
Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова 2016-жылдын 15-февралында, Брюссель шаарында(Бельгия Королдугу) болуп өткөн Кыргыз Республикасы менен Европа кеңешинин ортосундагы кызматташуу боюнча кыргыз делегациясынын курамында кеңештин 14-жыйынына катышты.

Бул жыйында кыргыз делегациясын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеди.

Европа Биримдигинин делегациясы европа тышкы байланыштар кызматы тарабынан көрсөтүлдү.

Жыйындын катышуучуларынын ортосунда эки тараптуу кызматташуунун экономикалык, саясий, аймактык жана эл аралык маселелери боюнча талкуу жүрүп кызматташуунун негизги аспекттери жана КР менен ЕБ ортосундагы кызматташуу жана өнөктүк маселелери талкууланды.

Кыргыз тарабы Европа тарабына ВСП_ жалпы преференциялар тутумуна кирүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазылык билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу