Агенттиктин директору А.Сазбаков Дубайда эки тараптуу жолугушуунун алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты

Новости
17-Февраль 2016-ж.
1943

18-февралда КР Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү боюнча Агенттиктин директору Алмаз Сазбаков менен Дубай инвестициялык корпорациясынын президенти Мохамед Аль-Шайбанинин жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушууга «Жаш ишкерлер ассоциациасынын» төрагасы Умбриэль Темиралиев ошондой эле Кыргызстандын БАЭ элчиси Чынгыз Эшимбеков катышты.

А.Сазбаков менен Аль-Шайбанинин ортосундагы жолугушууда эки тараптуу инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Агенттиктин директору КР инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө токтоуп, анын ичинен потенциалдуу инвесторлор үчүн жагымдуу болгон туризм жана курулуш тармагын белгилей кетти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мындан аркы кызматташууну бекемдөө ниетинде Аль-Шайбанини Кыргызстанга келип мамлекетти инвестициялык дарамети менен жеринен таанышып кетүүгө чакырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу