Экономика министрлиги аймактарда ишкерликти өнүктүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда

Новости
16-Февраль 2016-ж.
1800

2016-жылдын 19-февралында Экономика министрлигинин өкүлдөрү экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин жетекчилиги астында Чүй облусунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Министрликтин өкүлдөрү менен бизнес коомчулуктун жолугушуусунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аймактын мүмкүнчүлүктөрүн, техникалык регламенттерди колдонуу маселелери, интеграция шартында салыктык башкаруу маселелери, ошондой эле аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну талкуулоо күтүлүүдө.

Белгилүү болгондой, ишкерлер менен мындай жолугушуулар республиканын бардык аймактарында өтүүдө, анын жүрүшүндө Экономика министрлигинин адистери ишкердикти өнүктүрүү, бизнесмендердин укугу жана евразия интеграциясынын алкагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо жүрөт.

2016-жылдын 28-январында А.Кожошев баштаган адистердин тобу Талас облусунун бизнес коомчулугу менен жолугушуп келишкен.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу