Экономикалык клубдун кеңешмесинде КР аймактык саясатынын Концепциясынын долбоору каралды

Новости
04-Февраль 2016-ж.
1947

2016-жылдын 4-февралында Экономикалык клубдун кеңешмесинде мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, илим жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомчулугунун колдоосу алдында КР аймактык саясатынын Концепциясы талкууланды.

Экономика министрлигинин бул долбоору Өкмөттүн "Шаарлар - региондук өнүктүрүүнүн башаты (баскычы)"Программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиясынын алкагында иштелип чыккан

Аймактык өнүгүү Концепциясы конкреттүү калктуу пункттарды өнүктүрүүнүн деталдаштырылган программасын даярдоо үчүн базистик конструкцияны түзүү максатында иштелип чыккан

Концептуалдык мамиле жасоо коомго, бизнеске, инвесторлорго, жарандарга түрдүү тармактагы, иш чөйрөсүндөгү жана белгилүү бир аймактагы инфраструктураны өнүгүүсүнө байланышкан түшүнүккө ээ болууга жол ачат.

Бул стратегиялык документтин бул долбоорунда аймактарды өнүктүрүүгө жасаган мамиле, багыттар, жана аймактарды өнүктүрүүгө болгон жаңы мамиле сунуш кылынат-аймактарды социалдык-экономикалык жактан теңдөө саясатынан, атайын тандалып алынган калктуу пункттарды өнүктүрүүнү аркылуу жайылтуу саясатына өтүү сунуш кылынууда.

Долбоорду талкуулоонун жүрүшүндө Экономикалык клуб жыйынынын катышуучулары концепциянын долбооруна болгон сунуштар жана пикирлер менен алмашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу