Экономика министрлиги: 2015-жылы жүргүзүлгөн фискалдык чаралар жөнүндө

Новости
04-Февраль 2016-ж.
1897

2015-жылы ишкердик ишти активдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бир нече иштер аткарылды аларга: бизнес жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу, бизнестин өнүгүүсүнө дем берүүчү салыктык саясатты жүргүзүү, салык салуу базасын кеңейтүү үчүн шарт түзүү.

Экономикалык өнүгүүгө дем берүү алкагындагы салык саясатынын алкагында: орто жана чакан бизнес жана коммерциялык эмес уюмдардын ар бир айда отчет берүү мезгили кварталдык негизге которулду, ал эми ай сайын салык төлөө мөөнөтү орто ишкердикке сакталат, кичи ишкерликке кварталдык негизде салык төлөөгө которулду, чакан ишкерлик менен коммерциялык эмес уюмдар үчүн- салык төлөө кварталдык негизде жүргүзүлөт.

Турак-жай курулуш тармагында жеке ишкерлердин жана уюмдардын кирешелерине салык салуу тутумун оптималдаштыруу максатында жана салык салууну башкарууну жакшыртуу максатында Салыктык келишим” режимин киргизүү менен турак –жайдын квадрат метрине белгиленген салыкты колдонууну тандоо мүмкүнчүлүгүн, куруучуларды негизсиз текшерүүдөн куткаруучу жана башкарууну жеңилдетүүчү Мыйзам кабыл алынды.

Ошондой эле, салык эрежелери начарлай баштаган учурга салыктык мыйзамдардын ченемдерине 10-жылдык турукташтыруу режими белгиленди; накталай эмес акча жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн шарт түзүү максатында банк жабдууларын импорттоп алып келүүдө КНС алынып салынды; жеке бала бакчаларды жана мектепке чейинки мекемелерди өнүктүрүү үчүн шарт түзүү үчүн жеке балдардын мектепке чейинки мекемелерине салык боюнча жеңилдетүүлөр киргизилди МСК жергиликтүү органдары тарабынан мөөнөтүн узартуу менен берилүүчү чектик сумма жогорулатылды( 100 миң сомдун ордуна -1 млн.сом аймактык салык кызмат органы, 1 млн. сомдон ашык борбордук салык кызмат органы тарабынан берилет).

Мындан башка, айыл чарба продукциясынын экспортерлоруна а/ч продукциясын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүдө милдеттүү патенттин шартында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү берилди.

2015-жылдын 31-декабрындагы мыйзам менен:

2016-жылдын 1-январынан тарта р экспорттук товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөрдү республиканын аймагынан тышкары экспорттоодо сатуудан алынуучу салык алынып салынды, 2016-жылдын 1-июлунан тарта КНС салынуучу же /жана КНС бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүнү ишке ашырууда салыктын ставкасы алынып салынган,

2017-жылдын 1-январынан тарта КНСтен бошотулган жана КНС салынуучу жеткирип берүүлөрдү жүзөгө ашыруучу КНС төлөөчүлөрдүн бардыгы үчүн сатуудан салыкты жоюу каралган, уюлдук операторлордон башкасы бюджеттин бааланган жоготуусу эсептелген.

Чакан бизнести мыйзам менен колдоо максатында:

-КНС салыктын каттоо чегин 4 млн.сомдон 8 млн. сомго чейин жогорулатуу каралууда . (229-берене)

-пайдага салына турган салык боюнча ( 212-б 8-пункту) жана кайра иштетүүчүлөр үчүн КНС боюнча жеңилдиктер(239-берененин 5-бөлүмү) 2018-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды.

Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча салык саясатынын алкагында:

2015-жылда кабыл алынган Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолордун 17 ичинен 2 сү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүүгө багытталган.(Бул алкоголдук продукцияга базалык акциздик ставканы белгилөө жана тамеки продукциясына акциздик ставкаларды жогорулатуу боюнча Мыйзамдар)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу