Министр А. Кожошев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Генералдык секретары Рамиль Гасанов менен жолугушту

Новости
04-Февраль 2016-ж.
1844

2016-жылдын 4-февралында Экономика министри Арзыбек Кожошев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМК) Генералдык секретары Рамиль Гасанов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТТМК мүчө-өлкөлөр маданий –гуманитардык, соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык кызматташуу боюнча бир нече жалпы максаттарга жана пландарга ээ, алардын бир нечеси секретариат тарабынан ишке ашырылууда .

Мырза Р. Гасанов ТТМК нын иши жөнүндө маалымат берүү менен бирге 2016-жылга болгон пландары менен тааныштырды, тактап айтканда, ТТМК Секретариаты менен биргеликте өткөрүү пландаштырылган КР иш чараларын өткөрүү жөнүндө.

2016-жылы, ТТМК өлкө башчыларынын 6-Саммитин өткөрүү пландаштырылууда бул иш чаранын алкагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун” 2-туристтик фестивалы өтөт.

Ошондой эле 2016-жылдын 27-28 апрелинде Бишкек шаарында ТТМК нын Секретариатынын көмөктөшүүсү менен КР соода-өнөр жай палатасы жана КР ЭМ алдындагы Инвестицияны илгерилетүү боюнча агенттиги менен менен бирге бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда.

Жолугушуунун катышуучулары ТТМК мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо акыркы жылдардагы карым катнаштын абалын талдоо гана болбостон, мамилелерди бекемдөө боюнча конкреттүү сунуштарды кароо болуп да эсептелет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу