ВАК кеңешмесинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 357 стандарты каралды

Новости
04-Февраль 2016-ж.
1889

2016-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тутумун оптималдаштыруу боюнча Ведомство аралык комиссиясынын кеңешмеси болуп өттү.

ВАК тын кеңешмесинде :

- КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү Табигый суулардын, ылайлардын, туздарды дарылоо үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн белгилөө үчүн органикалык курамын жана физика-химиялык курамын изилдөө” кызматын мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Бирдиктүү реестрине киргизүү маселеси;

- КР Билим берүү жана илим министрлиги көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттардын долбоорлору

- муниципалдык кызматты оптималдаштыруу боюнча иштин жүрүшү жөнүндө маалымат.

Ушуга чейин ВАК та 357 мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттары каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу