Жалал-Абадда шериктеш финансылык уюмдарын окутуу

Новости
19-Февраль 2016-ж.
2068

2016-жылдын 19-21 февралда Жалал-Абад шаарында «Гендер талаптарын эске алуу менен ишкерлерди каржылоону жакшыртуу» аттуу пилоттук тренинги өтөт. Окутуу айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү жана колдоо максатында жүргүзүлөт. Бул иш-чарага катышууга Жалал-Абад облусунун шериктеш финансылык уюмдарынын (ШФУ), алардын арасында «Бай-Түшүм» банкынын, «Айыл Банктын» жана Биринчи микрокредиттик компаниясынын өкүлдөрү чакырылды.

Жогоруда саналган финансылык уюмдардын кредит адистери ишкер айымдардын талаптарына жооп берген финансы кызматтарын аныктап, ал кызматтарды көрсөтүүгө үйрөнмөкчү.

Окуу процесси шериктеш финансылык уюмдар кызматкерлеринин жаңы финансылык кызматтарды иштеп чыгып, аларды көрсөтүүсүндө гендер жана социалдык аспектилер жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.

Тренингдин уюштуруучуларынын айтымында Экономика министрлигинин жана кызыкдар тараптардын колдоосу менен шериктеш финансылык уюмдарынын өкүлдөрүн окутуу Жалал-Абад облусундагы айымдар ишкердүүлүгүнүн илгерилешине өбөлгө түзмөкчү.

Аталган окутуу Япониянын Жакырчылыкты жоюу фонду жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат. Долбоорду Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ишке ашырууда.

Долбоор 2014-жылдан тартып ишке ашып келет да, ишкер айымдардын талаптарына жооп берген сапаттуу финансы кызматтарына жеткилик берүү аркылуу айыл жергесиндеги аялдардын турмуш деңгээлин жогорулатууга багытталган. Бул сыяктуу окутууну Кыргызстандын түндүк жана түштүк облустарынын башка шаарларында да өткөрүү пландаштырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу