Министр А. Кожошев: 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы жана 2016-жылга милдеттери тууралуу

Новости
12-Февраль 2016-ж.
2172

""2016-жылдын 12-февралында КР экономика министри Арзыбек Кожошев Өкмөтүн жыйынында республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылда жана 2016-жылга коюла турган максаттар жөнүндө маалымдады.

Министрдин айтымында, 2015-жыл дүйнөлүк экономика үчүн бир топ оор жыл болду. Чийки нефтиге жана алтынга болгон баанын кескин төмөндөшү, Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде болгон саясий абал, Россияга коюлган санкциялар бир топ мамлекеттердин экономикасынын төмөндөшүнө алып келди. Коңшу мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын менен Казахстандын улуттук валюталарынын кунунун кескин төмөндөшү, аны менен катар экономикалык өсүү темпинин терс көрсөткүч менен аякташы,Кыргыз Республикасынын экономикалык абалына да таасирин тийгизди(тактоо иретинде: Россиянын ички дүң продукциясынын өсүү темпи96,3%ды, Белоруссияда 96,1%ды, Казахстанда101,2%ды, Арменияда 3 %ды түздү).

Мындай абал КР Өкмөтү үчүн бир топ оор маселелерди жаратты. Ошого карабастан, Өкмөт өз ишин 2015-жылга болгон иш-чаралар Планынын негизинде алып барды.

2015-жылдын эң маанилүү жетишкендиктери болуп эки маселени айткым келет.

Биринчиси, биз Евроазиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болуп кирдик.

Экинчиси, бул биометрикалык маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депуттарды шайлоо, анын жыйынтыгында мурдагы шайлоолорго караганда абалтолук бойдон тынч, легитимдүү шайлоо болуп, жаңы Өкмөттүн толук курамы бекитилди.

Натыйжада, өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк, Жогорку Кеңештин депуттарынын, Өкмөт мүчөлөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынжигердүү эмгектеринин натыйжасында жана Евроазиялык экономикалык биримдикке мүчө болуу менен 2015-жылда түзүлгөн оор абалды бир топ жеңилдеткенге мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жыйынтыгында экономиканын өсүүсү оң темп менен аяктады.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, 2015-жылда ички дүң продукциянын өсүү темпи103,5% болуп, номиналдуу көлөмү 423,6 млрд сомду түздү(2014 –ж. 104,0%), ИДПнын өсүү темпи болжолдонгон чектен 0,4 пайыздык пунктка ашык болду.

Кумтөр кенин иштеткен мекемелерди кошпогондо, экономиканын өсүү темпи 104,5% болду (2014-ж. 105,0%).

Экономиканын өнөр-жай секторунан (95,6%) башка бардык секторлору оң темпти камсыз кылышты.

Ушундай макроэкономикалык көрсөткүчтөргө төмөнкү /негизги факторлор таасирин тийгизишти:

Сырткы жагымдуу факторлор:

- Чийки нефтиге болгон баанын төмөндөшү, ички рыноктогу күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын төмөндөшүнө алып келди(2015-жылдын башынан баштап нефттин баасы 1,5 эсеге арзандап жылдык орточо баасы 54,69 долл/баррель түздү, азыркы мезгилде 31,0 долл/баррель тегерегинде болууда);

- Дүйнөлүк рынокто /азык- түлүккө болгон баанын төмөндөшү;

- Чет өлкөлүк тике инвестициялардын агымынын 1,6 эсеге көбөйүүсү.

Сырткы жагымсыз факторлор:

- Коңшу мамлекеттердеги экономикалык өсүүнүн төмөндөшү жана инфляциянын жогорку деңгээли(инфляция Казахстанда13,8 %, Россияда12,9 %, Белоруссияда12,0 %);

- Ички рыноктун азык-түлүк товарлардын импортуна көз карандылыгы (ун, өсүмдүк майы, кант, акшактар ж.б.);

- Капиталдын сыртка агып чыгып кетишинин улануусу(маселен, Россия Федерациясында 2015-жылдын январь-ноябрь айларында 53 млрд АКШ долл. чыгып кеткен, жылдын аягы менен бул көрсөткүч 58 млрд АКШ долларын түзүшү мүмкүн(РФ ББ маалыматы), ал эми Кыргыз Республикасында 2015 –жылдын январь-сентябрь айларында капиталдын чыгып кетүүсу 15,3 %га көбөйүп, 369,9 млн АКШ долларын түздү);

- Мигранттардан келип түшкөн акча каражатардын азайышы(-25,8 %га, 2015-жылы таза агымы 1344,3 млн АКШ долл.болду, а 2014 –ж. 1811,9 млн АКШ долл. келип түшкөн).

Ички жагымдуу факторлор:

- Жагымдуу жаратылыш шарттары;

- Текшерүүлөрдүн (2014-жылга карата 10 %га, же 2549га азайган), лицензиялардын(101 ден 98ге чейин) санын кыскартуу жана башка мамлекеттик башкарууну жакшыртуу менен бизнеске ыңгайлуу шарттарды жаратуу;

- Фермерлерге арзан насыяларды берүүнү улантуу(2015-жылдын ичинде алты банк суммасы 3,8 млрд сом болгон 9980 насыя берилди);

- Керектөөчү насыялардын көлөмүнүн былтыркы жылга салыштырмалуу 31,1 %га жогорулашы;

- 2015-жылдын ичинде экономикага болгон кредиттердин көлөмүнүн 17,2 %га өсүшү.

Ички жагымсыз факторлор:

- Азык-түлүк группасындагы товарларга баалардын сезондук өзгөрүүсү (мөмө- жемиш, жашылча);

- АКШ долларынын курсунун улуттук валютага карата өсүшү (2015-жылдын 31-декабрына карата 28,9 %га өстү) жана ЕАЭБ мамлекеттеринин валюталарына карата өсүшү(орточо 40,6 %га өстү);

- Бизнести өнүктүрүү үчүн берилген кредиттердин пайыздык ставкалары жогору болууда (орточо пайыздык ставка-19,87%).

- Инфляциянын деңгээлин көрсөткөн керектөө бааларынын индекси 103,4%ды түздү (2014 жылдын декабрына карата), былтыркы жылдагы көрсөткүч 110,5 % болгон. Жылдык орточо инфляция (2015-жылдын январь-декабры, 2014-жылдын январь-декабрына) 106,5 % болду, ушул көрсөткүч 2014-жылы 107,5% болду.

Экономиканын бардык секторлорунда жыл башынан бери өсүү темпи ар түрдүү багытта өнүктү.

Жыл жыйынтыгы менен айыл чарбасында 197,1 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи106,2%(2014-ж. 99,5%), же анын ИДПдагы үлүшү 14,0%ды түздү.

Өнөр-жай тармагында 175,2 млрд. сомдук продукция өндүрүлүп, 2014-жылга салыштырмалуу 95,6 %ды түздү, ал эми Кумтөр кенин иштеткен өндүрүштөрдү эске албаганда, өсүү темпи 99,4%ды түздү. Бул тармактын ИДПдагы үлүшү 15,3% болду.

Өсүү темпи Баткен (83,5%), Ысык- Көл (92,0%), Талас (91,4%), Чүй (95,0%) облустарында жана Бишкек ш.(85,9%)аткарылган жок.

Ошондой эле жалпы өнөр жай тармагы боюнча болжолдонгон көрсөткүчкө 4,0 пайыздык пунктка жетпей калды.

Өнөр -жай өндүрүшүндөгү терс динамика негизинен өндүрүш кубаттуулугун болгону 53,1%га гана колдонуудан улам, Россияда жана Казахстанда биздин товарларга болгон суроо-талап азайгандан улам келип чыкты. Анын үстүнө ата -мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн чыгарган продукциясынын конкуренттүүлүгү төмөн, жүгүртүү каражаттары жетишсиз, ички рыноктогу суроо-талап аз.

Жылдын жыйынтыгы менен Кумтөр кенинде жана Кыргызалтын” ААК мекемелеринде алтындын көлөмү 8,3%га төмөн, электроэнергия 11,2%га аз өндүрүлдү.

Курулуш тармагында капиталдык салымдын көбөйүшү байкалды.

Жылдын жыйынтыгы менен негизги капиталга болгон салым 120,9 млрд сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 8,0%га өстү. Анын 57,8% ички булактардан, 42,2% тышкы булактардан болду.

Жыйынтыгында курулуш секторунун жалпы көлөмү 116,1 млрд сом болуп, өсүү темпи 113,9%ды түздү. 2015-жылга болжолдонгон көрсөткүчтөн 2,1 пайыздык пунктка жогору болду (111,8 %).

2015-жылы 372,3 млрд сом өлчөмүндө кызмат көрсөтүлүп, анын өсүү темпи 103,6% болду(2014 жылы бул көрсөткүч 104,1% болгон), болжолдонгон көрсөткүчтөн 0,4 пайыздык пунктка жогору болду. Бул тармактын ИДПдагы үлүшү 50,3 %болду.

Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5745,8 млн АКШ долл. түздү жана 2014-жылга салыштырганда 24,6 %га төмөндөдү. Соода балансынын дефицити 2393,2 млн долларды түздү, былтыркы жылы соода балансы 3851,0 млн доллар болгон .

Товарларды экспорттоо 11%га азайып,1676,3 млн доллар болду. Алтынды кошпогондо экспорт 7,2 %га төмөндөдү, анын ичинен кийим-кечени экспорттоо 2,4 эсеге, жашылча-жемишти экспортоо – 43,4 %га, тамекини экспорттоо - 46,8 %га.

Импорт 4069,5млн АКШ долларын түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 29 %га төмөн болду.

2015-жылдагы экономикалык кыйынчылыктарга карабастан /мамлекеттин социалдык милдеттенмелери толук бойдон аткарылып келе жатат. 2016-жылдын 1-январына карата 478,0 миң адам социалдык төлөмдөрдү жана компенсацияларды толук бойдон алышты.

Орточо айлык акы 2015-жылы бир кызматчыга (кичи ишканалардын кошпогондо) 13277сом болуп, 2014-жылга салыштырмалуу 9,2%га көп болду, ал эми инфляцияны эске алганда реалдуу өсүүсү 2,5%ды түздү.

Жашоо минимуму. Жылдын орточо жашоо минимуму 5183 сом болуп былтыркы жылга салыштырмалуу 4 % га өстү.

2015-жылдын 1-сентябрындагы пенсияны кайра эсептөөдөн кийин /пенсиянын орточо көлөмү 4804 сомду түздү.

Жумуш менен камсыз кылуу кызматында катталган жумушсуздардын саны 56 миң адам жана анын деңгээли экономикалык активдүү калкка (2504,2 миң адам) карата 2,2%ды түздү.

Онлайн кайрылуу